“Манас” университетинин бир катар ага окутуучулары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университетинин бир катар ага окутуучулары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту



Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин ага окутуучулары бир катар мамлекеттик наамдары менен сыйланышты.

Алар:

Көркөм өнөр факультетинин деканы, доцент Ибраев Анарбек Адылович - III даражадагы “Манас” ордени, музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу жана Түрк Дүйнөсү оркестринин башкы дирежеру Джумакунов Рысбек Дуйшенбаевич - “Даңк” ордени, театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Кулмамбетов Жаныш Осмонович - “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардак наамы, музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Тиленчиев Карагул Амантурович - “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы, театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучулары Мендибаиров Назым Кенжекулович жана Калмуратов Илимбек Жамбуловичке - “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамдары ыйгарылды.

КТМУнун ректораты, эмгек жамааты көркөм өнөр факультетинин ага окутуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чын ден соолук, кажыбас кайрат, мындан ары да иштерине ийгилик каалап, ар дайым элдин кызматында боло беришине тилектештигин билдирет.

“Манас” университетинин бир катар ага окутуучулары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться