КТМУ бак-дарак отургузуу иши майрам шаңы менен башталды.
Кыргыз - Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) бак-дарак отургузуу иши майрам шаңы менен башталды.
Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде “Манас” университетин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректорлор, декандар, профессордук жамаат, мекеме жетекчилери жана студенттер аталган окуу жайдын айланасына бак-дарак отуршузушту.
Азыркы учурда акация, эмен, кара бак өндүү бир катар бак-дарактар отургузуп, КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы кампусун 5 жылдын ичинде “Манас токоюна” айлантуу планы каралып жатат.
Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу