Бексултан Алимбеков » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бексултан Алимбеков

Бексултан Алимбеков



24.12.2019 "Автопортрет" уктуруусунунун кезектеги коногу университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, жеке ырчы Бексултан Алимбеков болду.

 

        Угармандар суранган ырларды жандуу үн менен созолонткон коногубуз: "Алгачкы жолу чыгармачылыкка болгон кызыгуум 9-класста окуп жаткан кезде ойгонгон.Алгачкы көрүүчүлөрүм мектептеги мугалимдерим болду,"-деп окуучулук күндөрүнө да сапар алып келди .

 

      Коногубуз учурда Түркияда эмгектенип жаткан учуру. Угармандардын: "Мындан ары Кыргызстанда эле болосузбу? "-деген суроосуна  "Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кайсыл тараптан көп салым кошо алсам ошол жактамын. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу менин максатым."-деген жообун узатты.

        

     Ырдаган ырларынын сөзүнө өзгөчө маани берген коногубуз:"Бир сап ыр адамдын бир өмүр жашоосун түшүндүрүшү мүмкүн. Ошол себептен акындарга азыркы учурда жашап жаткан сезимди кара сөз менен жазып берип, алардан ошол нерсени чагылдырган ыр жазуусун талап кылам" - деди.

 

      Белгилей кетсек, Бексултан Алимбеков Түркияда "Кыргыз эли" коомунун Маданият иштери жетекчиси. 

 

Маекти толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

 

Маектешкен:Шайыр Бакытбекова

Жазган: Айзирек Паязханова 

 


Загрузка плеера...


Бексултан Алимбеков Бексултан Алимбеков Бексултан Алимбеков

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться