Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Бексултан Алимбеков
Бексултан Алимбеков26 декабря, 11:32. Разместил: sharizat |
24.12.2019 "Автопортрет" уктуруусунунун кезектеги коногу университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, жеке ырчы Бексултан Алимбеков болду.
Угармандар суранган ырларды жандуу үн менен созолонткон коногубуз: "Алгачкы жолу чыгармачылыкка болгон кызыгуум 9-класста окуп жаткан кезде ойгонгон.Алгачкы көрүүчүлөрүм мектептеги мугалимдерим болду,"-деп окуучулук күндөрүнө да сапар алып келди .
Коногубуз учурда Түркияда эмгектенип жаткан учуру. Угармандардын: "Мындан ары Кыргызстанда эле болосузбу? "-деген суроосуна "Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кайсыл тараптан көп салым кошо алсам ошол жактамын. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу менин максатым."-деген жообун узатты.
Ырдаган ырларынын сөзүнө өзгөчө маани берген коногубуз:"Бир сап ыр адамдын бир өмүр жашоосун түшүндүрүшү мүмкүн. Ошол себептен акындарга азыркы учурда жашап жаткан сезимди кара сөз менен жазып берип, алардан ошол нерсени чагылдырган ыр жазуусун талап кылам" - деди.
Белгилей кетсек, Бексултан Алимбеков Түркияда "Кыргыз эли" коомунун Маданият иштери жетекчиси.
Маекти толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.
Маектешкен:Шайыр Бакытбекова Жазган: Айзирек Паязханова
Вернуться назад |