Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын"

Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын" 



17.12.2019  "Автопортрет" уктуруусунун кезектеги коногу "Манас" университетинин  сыймыктуу бүтүрүүчүсү, убагында Манас радиосунун алып баруучусу,  режиссёр  Аят Бакаева болду.

 

    "Тез күйүп  тез өчкөн  адаммын. Бир нерсени бат жактырып, ошол эле учурда бат көңүлүм калат. Энергияны ар тараптан алганга аракет кылам. Бош убактым дээрлик жок. Китеп окуп, тоого чыгып эс алуу мага өзгөчө ырахат тартуулайт, " - деген коногубуз угармандар тарабынан узатылган ар бир  суроого өзгөчө  жооп узатып отурду. 

 

      Балалык чагына бир сыйра көз жүгүртүп жатып: "Мектепте  аябай жашы окуганга аракет кылдым,  эртең менен саат 7ден  кечки 8ге чейин болгон ийримдерге катышып мектепте эле жүрчүмүн, " - деп окуучулук күндөрүндөгү кызыктар менен да бөлүшүп өттү.

 

   Белгилей кетсек, Аят Бакаева дипломдук иши катары бир күндүн ичинде тарткан "Үчөө" аттуу фильми менен Түркияда өткөн "Altın baklava" кыска метраждуу оюн фильмдер фестивалында 1-орунду ээледи.  

    

 

Маекти  толугу менен You Tube каналыбыздан көрө аласыздар.

 

 

Маектешкен: Шайыр  Бакытбекова

Жазган: Айзирек  Паязханова

 


Загрузка плеера...


Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын" Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын" Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын" Аят Бакаева: "Тез күйүп тез өчкөн адаммын"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться