Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду



ТҮРКИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТОЛУК ЫЙГАРЫМДУУ ЭЛИЧИСИ ЖЕНГИЗ КАМИЛ ФЫРАТ МЕДИАМАНАСТА “ТЫНЧТЫК БУЛАГЫ” АСКЕРДИК ОПЕРАЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ БАЯНДАДЫ.

 

Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу эличиси Женгиз Камил Фырат бүгүн 24-октябрь, 2019-жылы МЕДИАМАНАСтын түз эфиринде “Атайы репортаж” уктуруусунда конок болуп кайтты.

Уктурууну МедиаМанастын мүдүрү докт. Бүлент Намал алып барды.

Алгач уктуруунун жүрүшүндө элчи мырза Түркиянын Кыргызстандагы элчиси катары өлкөнүн бардык облустарын кыдырганын, Баткенген бара электигин, жакында бараарын, барган жерлеринде билим берүү, ден соолук, таза суу тармактарына көбүрөөк жардам берип көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Андан кийинки сөзүндө: “Элчилик тарабынан 2 негизги клуб түзүлдү.

1-Ишкерлер клубу. Кыргызстандык, түркиялык ишкерлер акылуу мамлекеткен татыктуу инвестиция тартуу негизги максат болуп саналат.

2-маданият жана өнөр клубу. Эки өлкөнүн өнөр адамдарынын башын биргелештирип, маданиятка, өнөргө кызмат кылган кубаттуу платформаны түзүү кийинки максатыбыз.”,-деп айтып кетти.

Андан кийин маектин жүрүшү Женгиз Камил Фырат мырзанын кечээ күнкү жергиликтүү басма сөз өкүлдөрүнө жасаган жыйналышына бурулду. Ушул себептүү элчи учурда кеп кылынып жаткан “Тынчтык булагы” аскердик операция тууралуу кенен баяндады.

“Сирия мамлекетинде 8 жылга чукул ички согуш жүрүп келатат. Натыйжада 3.6 миллион качкынды Түркия өз кучагына алып олтурат. Араларында түркмөн, араб, күрт, сириялыктар бар. Булардын баары террордук уюмдардын жасаган чабуулдарынан жабыр тарткандар. Дүйнөлүк ДЕАШ террордук уюмуна каршы туруп Түркия тарабынан 4 миңге террорчу жокко чыгарылды.”-деп баштады бул темадагы сөзүн.

Негизинен “Тынчтык булагы” аскердик операциясынын 5 саясий максаты бар экенин:

1) Чек ара бүтүндүгү

2) Сирияда бир дагы террордук уюмдун калбашы

3) Сирия аймагынын бүтүндүгү

4) Сириянын саясий биримдиги

5) Учурдагы Түркиядагы качкындардын өз мекенин ишенип кайтып баруусун камсыздоо сыяктуу пункттардандан тураарын айтып, НАТОго Түркия менен чогуу кирген союздаш мамлекеттин айрымдарынын террорду колдоп курал таратып жатканына нааразы экенин, батыштын ММКларында канчалык терс пропаганда жасаса дагы Түркия аталган “Тынчтык булагы” аскердик операциясынын аягына чейин бекем тураарын айтып өттү.

Сөзүнүн соңунда Түркиянын элчиси Түрк кеңешине, “Тынчтык булагы” аскердик операцияны колдооого алган Түрк кеңешине мүчө бардык өлкөлөргө рахматын белгиледи.

Террордук зомбулукту жоюна жанын курмандыкка чалгандарга, беймаза учкан октон каза тапкандарга көңүл айтуу менен жаралангандарга батыраак айыгып кетсин деп шыпап тиледи.


Загрузка плеера...


Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду Элчи Фырат МедиаМанаста конок болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться