30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы

30-сентябрь Котормочулардын эл аралык күнү.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 3-октябрь күнү котормочулардын кесиптик күнүнө арналган "Студенттерди котормочулук чеберчиликке даярдоо: Азыркы абалы жана келечеги" деген темада кереге кеңеш (тегерек стол) жыйыны болуп өттү. Иш-чара гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмү тарабынан даярдалып, ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага университеттин проректору, профессор Анварбек Мокеев, синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы, профессор Жейхун Ведат Уйгур, ЖОЖдордо котормо багытында сабак берген окутуучулар жана котормочулар катышты.

Жыйын университеттин таанытуу видеосун көрүү менен башталды. Ачылыш сөзүндө синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы, профессор Жейхун Ведат Уйгур бөлүм тууралуу кеңири маалымат берип, төмөнкүлөргө токтолду: « Синхрондук котормо бөлүмүндө кыргызстандык жана түркиялык жаштар башта болгон бардык Түрк дүйнөсүнүн жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин башын бириктирип билим берүү. Эң аз дегенде эки тилдин маданий өзгөчөлүктөрүн заманбап билим берүү талаптарына ылайык котормо багытында үйрөтүү. Бул тилдерди активдүү колдонуу жөндөмүнө ээ кылуу. Студенттердин өздөрүнүн социалдык, маданий баалулуктарына ээ болуп жалпы адамзаттык баалуулуктарды да танбаган муун катары калыптануусун камсыздоо».

Кереге кеңеш эки бөлүктөн турду: билдирүү жана талкуу. Кыргызстан эл аралык университетинен Котормо жана котормо таануу факультетинин деканы, профессор Зинаида Караева, И. Арабаев университетинен акын жана котормочу ф.и.д., Аида Эгембердиева, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Котормо секторунун башчысы Таштанбек Жакиев, КТМУнун Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, ф.и.к. Калия Кулалиева, Кусейин Карасаев атындагы БМУ окутуучусу Элмира Жумакеева баяндама жасашты.

Талкуу бөлүгүндө котормочулардын кесиптик ишмердүүлүгү жана иш тармактарындагы жетишкендиктери айтылды.

Кереге кеңеш жыйыны конокторго белек берүү, эстеликке чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы 30-сентябрь Котормочулардын кесиптик майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться