Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар

23.05.2019 күнү manas  радиосунда “Жаңы күн”  долбооруна археолог, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кубатбек Табалдиев конок болду.



Ал эфир учурунда археологиялык табылгалар, изилдөөлөр жана аларга анализ жүргүзүү боюнча айтып өттү. 

  Биринчи эле маегинде Кыргызстанда 8-кылымга таандык 30 жакын жазуу эстеликтери табылганын, ал эстеликтеги жазуулардын чечмеленишинде өтө кызыктуу маалыматтар, кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстандын тарыхын толуктап турарын белгилеп кетти. Жазуу эстеликтеринде Талас, Кочкор Енисей, Монгол жазуулары колдонулган. Кызыгы алар ар башка жерден табылса да, жазуулары окшош болгон. Ал эми Енисей жазуусунда бир адамдын атынан айтылган патриоттук маанидеги сөздөр менен башка жазуулардан айырмаланып турарын айтты. 

     Жана ошондой эле, эң кызыгы Кыргызстанда Таш-Көмүр жергесинде 15-20 метрге жеткен динозаврдын сөөгү табылгандыгын баса белгиледи. 

     Профессор Кубатбек Табалдиевдин эң сыймыктанган табылгасы, байыркы ата-бабаларыбыздын сөөккө тарткан сүрөтү болуп эсептелинет. Аны 1997-жылы Кочкордон Долонду  көздөй бара жатканда Жоон-Арык суусунун боюнан таап алган.  Узундугу 7см, туурасы 3см болгон сөөктө 6 кишинин сүрөтү тартылган. Болжолу бул сүрөттө Түргөштөр менен Арабтардын согушу чагылдырылган. 

     Кубатбек агай маектин  аягында элге кайрылуу жасады. "Тарыхыбызды жакшы изилдесек, келечекке да жакшы кадам таштай алабыз"- деп сөзүн жыйынтытады. 

          

 

              Даярдагандар: Ороскул к Клара.  Набиева Айбегим. 


Загрузка плеера...


Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться