Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар

Кыргызстан аймагындагы археологиялык табылгалар


28 мая, 11:10. Разместил: sharizat

Ал эфир учурунда археологиялык табылгалар, изилдөөлөр жана аларга анализ жүргүзүү боюнча айтып өттү. 

  Биринчи эле маегинде Кыргызстанда 8-кылымга таандык 30 жакын жазуу эстеликтери табылганын, ал эстеликтеги жазуулардын чечмеленишинде өтө кызыктуу маалыматтар, кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстандын тарыхын толуктап турарын белгилеп кетти. Жазуу эстеликтеринде Талас, Кочкор Енисей, Монгол жазуулары колдонулган. Кызыгы алар ар башка жерден табылса да, жазуулары окшош болгон. Ал эми Енисей жазуусунда бир адамдын атынан айтылган патриоттук маанидеги сөздөр менен башка жазуулардан айырмаланып турарын айтты. 

     Жана ошондой эле, эң кызыгы Кыргызстанда Таш-Көмүр жергесинде 15-20 метрге жеткен динозаврдын сөөгү табылгандыгын баса белгиледи. 

     Профессор Кубатбек Табалдиевдин эң сыймыктанган табылгасы, байыркы ата-бабаларыбыздын сөөккө тарткан сүрөтү болуп эсептелинет. Аны 1997-жылы Кочкордон Долонду  көздөй бара жатканда Жоон-Арык суусунун боюнан таап алган.  Узундугу 7см, туурасы 3см болгон сөөктө 6 кишинин сүрөтү тартылган. Болжолу бул сүрөттө Түргөштөр менен Арабтардын согушу чагылдырылган. 

     Кубатбек агай маектин  аягында элге кайрылуу жасады. "Тарыхыбызды жакшы изилдесек, келечекке да жакшы кадам таштай алабыз"- деп сөзүн жыйынтытады. 

          

 

              Даярдагандар: Ороскул к Клара.  Набиева Айбегим. 


Вернуться назад