«Саякат- биз үчүн жашоо» » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Саякат- биз үчүн жашоо»

«Радио сапар» уктуруусунун кезектеги чыгарылышында, Кыргызстандагы көрүнүктүү KETTIK.KG туристтик компаниясынын негиздөөчүлөрү Абдыакимов Эрбол жана Токтобаев Чыңгызхан конокто болушту.



Маек Кыргызстандагы ички туризм тууралуу болуп, андан сырткары коноктор туристтик компаниянын ачылуу тарыхы жөнүндө айтып берип, угармандардан келген суроолорго да жооп берүүгө жетишишти. Алгач эле конокторубуз менен Кыргызстандагы ички туризмдин бүгүнкү абалын талкууладык. Бул багыттагы сурообузга Абдыакимов Эрбол төмөнкүдөй жооп кайтарды: « Өлкөбүздө ички туризм жылдан-жылга өнүгүп жатат десек жаңылышпайбыз. Биз үч жыл мурун ушул тармакка жаңыдан киришип жатканда тоо туризмине, каньондорго кызыккандардын саны салыштырмалуу аз болчу. Ал эми азыр керек болсо ар жума сайын тоого чыгууну адатка айландырган кардарларыбыз бар. Тоо туризми айрыкча жаштар арасында тренд, мейнстримге айланды.» Ал эми компаниянын башка өкүлү Токтобаев Чыңгызхандын айтымында, тоого чыккандардын 80% кыргызстандыктар, 20% чет өлкөлүк туристтер. «Алгач өз мекендештерибизге жергебиздин кооздугун тааныштырууну максат кылып жатабыз. Бизде көбүнчөсү туристтик жай десе эле Ысык-Көлдү элестете беришет. Чынында андан башка кооз жерлер көп. Ошондуктан азырынча максаттуу аудиториябыз- кыргызстандыктар. Маектин жүрүшүндө конокторубуз туризм жаатында иш баштайм дегендерге да өз кеңештерин берип өтүштү: « Саякат, өзгөчө тоо туризми өтө кооптуу тармак. Бирөө тоого чыга албайт, экинчиси үшүдүм десе, үчүнчүсүнүн дагы башка көйгөйү чыгат. Кишилер менен тыгыз иштешкендиктен көтөрүмдүү болуп, стресске туруштук бере билүү керек. Ошондой эле азыр туристтик компаниялардын саны арбын, өзүңөргө таандык «фишкаңар» болбосо рынокто кармалып калуу кыйын.»

Маектин соңунда «Радио сапар» уктуруусунун эң негизги темасы болгон, «саякат сиздер үчүн эмне?» деген сурообузга, конокторубуз: «Саякат-биз үчүн жашоо. Жаңы жерлерди көрүү, таанып-билүү, эркиндикке умтулуу жашообуздун маңызы.» деп жооп узатышты.

 

                  Маектешкен: коммуникация факультетинин студенти Аманатова Баян


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться