Анарбек кызы Айжан " Өнөкөт өтүшүп кетсе эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анарбек кызы Айжан " Өнөкөт өтүшүп кетсе эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет"

Анарбек кызы Айжан Кант диабети жөнүндө угармандарга маалымат берди.



26.03.2019 Үй- бүлөлүк дарыгер Анарбек кызы Айжан Кант диабети жөнүндө угармандарга маалымат берди.

   

  Кант диабети – канда канттын деңгээли  жогорулап кетүүсүн мүнөздөгөн  оору. 
Диабеттин эки түрү бар, 1-типтеги кант диабети 40 жашка чейин же бала куракта башталат жана өтө оор өтөт.  2-типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, 90% оорулууларда кездешет.  Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги же өз инсулинге клеткалардын бузук таасир этүүсү болуп саналат. Аялдар кош бойлуу болгон учурда  кант диабети пайда болуусу дагы мүмкүн. 

Кант диабетинин симптомдору:
-зааранын көбөйүшү
-ооздун кургашы
-суусагандык жана суюктукту өтө көп ичүү -алсыздык , чарчоо, жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү
- табиттин жогору болушуна карабастан арыктоо.

Өнөкөттүн өтүшүп кетүүсү өтө коркунучтуу. Бул ооруну өз убагында дарылабаса,   инфаркт, инсульт, сокурдук,  язва сыяктуу ооруларына алып келиши  жана  диабетикалык комаларга түшүп калуу тобокелдиктери бар.
Мындай өтүшүп кетүүлөргө глюкоза деңгээлинин жогору болушу гана эмес, артериалдык кан басымынын жана кандагы холестериндин жогору болушу да өбөлгө түзөт. Өнөкөт өтүшүп кетүүлөр мезгилинен эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет.

Азырынча кант диабетин толугу менен дарылап жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок учурда диабетти контролдоонун жана дарылоонун эффективдүү ыкмалары иштелип чыккан, булар жашоо сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Бул ооруга чалдыккан  адамдар өздөрү жашаган жерге тиешелүү мед пунктарга кайрылууга укуктуу, эгерде врачтар чындап эле оорунун бар экенин аныктаса ал бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

                Жазган: Жолдубаева Айзана


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться