Главная > Новости "Медиа Манас" > Анарбек кызы Айжан " Өнөкөт өтүшүп кетсе эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет"
Анарбек кызы Айжан " Өнөкөт өтүшүп кетсе эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет"26 марта, 15:16. Разместил: sharizat |
26.03.2019 Үй- бүлөлүк дарыгер Анарбек кызы Айжан Кант диабети жөнүндө угармандарга маалымат берди.
Кант диабети – канда канттын деңгээли жогорулап кетүүсүн мүнөздөгөн оору. Кант диабетинин симптомдору: Өнөкөттүн өтүшүп кетүүсү өтө коркунучтуу. Бул ооруну өз убагында дарылабаса, инфаркт, инсульт, сокурдук, язва сыяктуу ооруларына алып келиши жана диабетикалык комаларга түшүп калуу тобокелдиктери бар. Азырынча кант диабетин толугу менен дарылап жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок учурда диабетти контролдоонун жана дарылоонун эффективдүү ыкмалары иштелип чыккан, булар жашоо сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул ооруга чалдыккан адамдар өздөрү жашаган жерге тиешелүү мед пунктарга кайрылууга укуктуу, эгерде врачтар чындап эле оорунун бар экенин аныктаса ал бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жазган: Жолдубаева Айзана Вернуться назад |