Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Түрк тилин чет тил катары окутуу» аттуу семинар ѳтүп жатат.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчилиги, Түркиядагы Юнус Эмре атындагы институту жана университеттин чет тилдер жогорку мектебинин кызматташуусунда үстүбүздѳгү жылдын 10-18-январь күндѳрү аралыгында ѳтѳ турган семинардын ачылышы болуп ѳттү.

Иш-чара К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, ага ТР Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчиси Режеп Сула, окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, ТР Юнус Эмре институтунун өкүлдөрү жана Түрк тилин үйрөтүү борборунун (TTÖMER)окутуучулары катышты.

Семинар эки өлкөнүн улуттук гимнинин жаңырышы жана университеттин таанытуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды. Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары, ага окутуучу Мухиттин Гүмүш ачылыш сѳзүн сүйлѳп, семинар тууралуу презентация жасады. Ал семинарда талкууга алына турган маселелерге токтолуп, чет тилдүү окуп-үйрөнүүчүлөр үчүн “Алтын Көпүрө” окуу топтому долбоорунун негизги түзүүчүсү университеттин ректору Себахаттин Балжы башында турганын баса белгиледи.

Ал эми Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчиси Режеп Сула ѳз сѳзүндѳ: “Түркиянын Билим берүү министрлиги, Юнус Эмре институту жана Чет тилдер жогорку мектебинин кызматташуусу жакшы жыйынтыктарды берээрин баса белгилеп, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери, тагыраагы 1996-жылдан баштап Түркиянын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарында түрк тили үйрѳтүлүп келе жатат. 22 жылдын ичинде жалпылап айтканда, 60 миң киши түркчө билим алыптыр. Быйыл Түрк тилин үйрөтүү борборунун мүдүрү Ахмет мырза түрк тилин натыйжалуу үйрѳтүүдѳ Түркиядагы Юнус Эмре институту жана КТМУ менен кызматташуу сунушу менен кайрылган эле. Мына эми ошондой натыйжалуу кызматташуунун негизинде Түркиядан келген окутуучулар сиздер менен бирге сегиз күн бою тажрыйба алмашууга даяр. Семинардын  ишине жана катышуучуларга ийгиликтерди каалайм”, - деди.

Андан кийин окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы: «Университет түзүлгѳндѳн берки алдыга койгон максаттарынын эң негизги иштеринин бирин чет тилдер жогорку мектеби аткарып келе жатат. Аталган жогорку мектеп ТР Билим берүү министрлиги, Түкиядагы Юнус Эмре институту жана Түрк тилин үйрөтүү борбору менен биргеликте жакшы иштерди аткарып келе жатканына баарыбыз күбѳ болуудабыз. Ата журтубуз болгон Кыргызстанда түрк тили кеңири жайылып, түрк тилин үйрѳнүүчүлѳрдүн саны жылдан жылга кѳбѳйүп жатат”, - деп аталган жогорку мектептин ага окутуучусу Мухиттин Күмүштүн аракети чоң экенин кошумчалап, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

Ошондой эле чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Таалайбек Абдиев чет тилди окуп-үйрөнүүчүлөр үчүн «Алтын көпүрө» окуу топтомунун басылып чыгышытүрк тилин жана кыргыз тилин үйрөтүүдө өзгөчө пайдалуу болгондугуна токтолду.

Иш-чара чогуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ Түрк тилин чет тил катары окутуу боюнча семинар ѳтүүдѳ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться