Сасык тумоонуу алдын алуу жолдору » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Сасык тумоонуу алдын алуу жолдору

«Ракурс» уктуруусунун журушүндө дарыгерлер сасык курч респиратордук жугуштуу оорулар тууралуу Бишкек шаарындагы  абалды түшүндүрүштү.



Студиянын коноктору бул ирээт Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык борбордун дарыгер -иммунологу Гүлзат Дыйканбаева жана дарыгер -эпидемиолог Рыскүл Чыналиева  болушту.

Күз айынын соңку айы ноябрда Бишкекте курч респиратордук жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны өстү. Алсак, Бишкекте акыркы күндөрү сасык тумоо менен клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйгөн. Буга чейин  ооруканага 250гө чейин бейтаптар кайрылган болсо, соңку күндөрү алардын саны 400гө чейин жеткен.

“Ракурс” уктуруусунун жүрушүндө дарыгерлер сасык тумоону алдын алуу, профилактикалык иш-чаралар туурасында айтып беришти. Мындан сырткары дарыгер иммунолог Гүлзат Дыйканбаева  кызылча (корь) жугуштуу оорусу боюнча Бишкек шаарындагы соңку абал тууралуу маалымат берди.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться