Главная > Новости "Медиа Манас" > Сасык тумоонуу алдын алуу жолдору

Сасык тумоонуу алдын алуу жолдору


12 декабря, 14:57. Разместил: aynagul

Студиянын коноктору бул ирээт Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык борбордун дарыгер -иммунологу Гүлзат Дыйканбаева жана дарыгер -эпидемиолог Рыскүл Чыналиева  болушту.

Күз айынын соңку айы ноябрда Бишкекте курч респиратордук жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны өстү. Алсак, Бишкекте акыркы күндөрү сасык тумоо менен клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйгөн. Буга чейин  ооруканага 250гө чейин бейтаптар кайрылган болсо, соңку күндөрү алардын саны 400гө чейин жеткен.

“Ракурс” уктуруусунун жүрушүндө дарыгерлер сасык тумоону алдын алуу, профилактикалык иш-чаралар туурасында айтып беришти. Мындан сырткары дарыгер иммунолог Гүлзат Дыйканбаева  кызылча (корь) жугуштуу оорусу боюнча Бишкек шаарындагы соңку абал тууралуу маалымат берди.


Вернуться назад