УЧУР АДАБИЯТЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

УЧУР АДАБИЯТЫ

12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабият күнү. Мындай жарлык 2011-жылы чыгып 7 жылдан бери адабиятчылардын майрамы катары белиленип келет. МедиаМанас дагы мындай олуттуу күнгө кайдыгер калбастан "учур адабияты" аталышындагы темага саресеп салуу максатында адабиятчы, КРнын Улуттук Илимдер академиясынын "Ч.Айтматов" атындагы тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери Рысбек Эшматовду конокко чакырды. 



Эфирдин коногу Рысбек агай өз сөзүндө ааламдык жазуучу Айтматовдун туулган күнүнөн баштап, учур адабиятынын абалына жеткенге чейин эки доорду көргөн инсан катары Советтик адабиятты, эгемен Кыргызстандын адабиятын кебине кошуп кетти. Ал учурдун прозаиктеринин дем күчү менен азыркы проза жанрында калем кармап жүргөндөрдүн дараметин жеке көз карашы менен салыштырды. 

Өткөн доордук поэзиясы менен прозасы не себептен өзгөчө экенин, тамыры эмнеге суугарылганын баса белгилеп, азыркы проза менен поэзия не себептен аксап жатканын баяндап берди. 

Өзү жакшы көрүп окуган дүйнө, орус, кыргыз адабият өкүлдөрүнүн атын айтып, интернеттин келиши менен технологиянын өнүгүшүнүн адабият жаатына тийгизип жаткан оң-терс таасирлерин дагы белгилеп кетти. 

Сөзүнүн аягында учурдагы жашоо идеологиябызды Айтматовдун чыгармалынын негизинен издешибиз керектигин айтты. 

Кененирээк маалымат төмөдөгү видеодо келтирилди.

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев

 


Загрузка плеера...


УЧУР АДАБИЯТЫ УЧУР АДАБИЯТЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться