Главная > Новости "Медиа Манас" > УЧУР АДАБИЯТЫ

УЧУР АДАБИЯТЫ


12 декабря, 12:08. Разместил: Jyldyzbek

Эфирдин коногу Рысбек агай өз сөзүндө ааламдык жазуучу Айтматовдун туулган күнүнөн баштап, учур адабиятынын абалына жеткенге чейин эки доорду көргөн инсан катары Советтик адабиятты, эгемен Кыргызстандын адабиятын кебине кошуп кетти. Ал учурдун прозаиктеринин дем күчү менен азыркы проза жанрында калем кармап жүргөндөрдүн дараметин жеке көз карашы менен салыштырды. 

Өткөн доордук поэзиясы менен прозасы не себептен өзгөчө экенин, тамыры эмнеге суугарылганын баса белгилеп, азыркы проза менен поэзия не себептен аксап жатканын баяндап берди. 

Өзү жакшы көрүп окуган дүйнө, орус, кыргыз адабият өкүлдөрүнүн атын айтып, интернеттин келиши менен технологиянын өнүгүшүнүн адабият жаатына тийгизип жаткан оң-терс таасирлерин дагы белгилеп кетти. 

Сөзүнүн аягында учурдагы жашоо идеологиябызды Айтматовдун чыгармалынын негизинен издешибиз керектигин айтты. 

Кененирээк маалымат төмөдөгү видеодо келтирилди.

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев

 


Вернуться назад