АФРОЦИРК-Бишкекте » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АФРОЦИРК-Бишкекте

Ушул тапта борбор калаабызда декабрь айынын экисине чейин Африка, Түркменистан, Казакстан жана Кыргызстандын цирк өнөрпоздорунун ынтымагы менен "Афроцирк" аттуу аталышта кызыктуу бир программа жүрүп жаткан убагы. Аталган программаны мекендешибиз, иллюзионист Өмүрбек Молдакматов уюштурган. Көрүүчүлөрдүн ышкысын арттырган Афроциркте эмнелер бар экенин билүү максатында "Жаңы күн" уктуруубузга Өмүрбек Молдакматовду жана Африкалык цирк өнөрүн көрсөтүүчү команданын жетекчиси дүйнөгө аты белгилүү акробат, иллюзионист Эндрью Симию Литорону чакырганбыз. 



Эфирдин алкагында негизинен маек Өмүрбек Молдакматов менен жүрдү. Чоң атасынан ушул өнөрдү мурас кылып алган Өмүрбек мырза 2018-жылдын жазында 10 догон өлкөнүн мен деген сыйкырчыларын чакырып Бишкекте алгачкы ирет чоң программадагы шоу өткөргөн. Ошол учурда Энрью Литоро менен таанышып, достошууга мүмкүнчүлүгү болгон. 

Жыл айланбай Литоронун сунушу менен Африкалык делегация Бишкек шаарына кайрадан келип 20 күндүк цирк программасын Бишкектиктерге тартуулап олтурат. Негизинен баарлашуу ичинде сыйкырчылык өнөрдүн чет жерлерде бааланышы, Африкалык цирк өнөрүнө эмнелер кирээри айтылды. Маал-маалы менен Өмүрбек Молдакматов дагы, Эндрью Литоро дагы фокус көрсөтүп МедиаМанастын ары мгек жамаатын, ары көрүүчүлөрүн таң калтырышты. 

 

Жылдызбек Турсунбаев, МедиаМанас

АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте АФРОЦИРК-Бишкекте

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться