Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз"

Кыргыз эстрадасында көрүнүп келе жаткан, Джонни Манас радиосунда конокто болду. 



23.10.2018  Манас радиосунда Джонни деген ат менен таанылган, "Күттүм ай" ыры менен шоу-бизнестен ордун тапкан Жаныбек Жеңишбеков  «Автопортрет» уктуруусунда маек курду. 
     Эфирдин жүрүшүндө ырчы мырза күйөрмандарга өзү жөнүндө кенен маалымат берип, жагымдуу ырларды гитаранын коштоосунда жандуу аткарып, суроолорго жооп берди. Ошондой эле жаңы изденүүлөрдүн үстүндө иштеп жаткандыгын жана маданияттан тапкан ордун сактап калууга аракет кылып жаткандыгын айтты. 
   Угармандардан келген суроолор да жоопсуз калган жок. "Эл аралык конкурстарга катыштыңыз беле же катышайын деген оюңуз барбы?"-деген угармандын суроосуна: «Буга чейин эл аралык сынактарга катышпасам да, окуп жүргөндө майда конкурстарга, ар түрдүү кастингдерге катышып жүргөм. Ал эми чоң деңгээлдеги жарыштардан жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат(заявка) жөнөтөлү деп жатабыз. Буйруса жакшы жооп келип калса катышабыз."-деп, жооп берди ырчы Джонни. 
    Кошумчалай кетсек, ырчы бир гана гитарада ырдап тим болбостон, чопо чоордо да күү ойноп, "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген сөздү далилдеп өттү. 

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз
         

                                                                                                 Жазган: Гүлиза Абдибек кызы


Загрузка плеера...


Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз" Джонни: "Жазында "Жаңы толкунга"(Новая волна) өтүнүч кат жөнөтөбүз"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться