Эл аралык эмгек уюмунан кыргыз жарандарына укуктук семинар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл аралык эмгек уюмунан кыргыз жарандарына укуктук семинар

21-октябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Эл аралык эмгек уюмунун Катар Мамлекетиндеги Офисинин башчысы Хутан Хомаянпур мырза менен жолугушуусу болуп өттү.



Аталган жолугушууда, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча эмгек жаатындагы Катар Мамлекетинин колдонуудагы мыйзам ченемдери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Катар Мамлекетинде эмгектенген кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык эмгек уюмунун Доха шаарындагы Офиси менен биргеликте Доха шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына Катар Мамлекетинин эмгек мыйзамы жөнүндө укуктук семинарын өткөрүү макулдашуусу жетишилди.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться