Главная > Новости "Медиа Манас" > Эл аралык эмгек уюмунан кыргыз жарандарына укуктук семинар

Эл аралык эмгек уюмунан кыргыз жарандарына укуктук семинар


22 октября, 15:53. Разместил: aynagul

Аталган жолугушууда, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча эмгек жаатындагы Катар Мамлекетинин колдонуудагы мыйзам ченемдери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Катар Мамлекетинде эмгектенген кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык эмгек уюмунун Доха шаарындагы Офиси менен биргеликте Доха шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына Катар Мамлекетинин эмгек мыйзамы жөнүндө укуктук семинарын өткөрүү макулдашуусу жетишилди.

 


Вернуться назад