Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу кайрадан изилденет » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу кайрадан изилденет

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы  бoюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүменен камтуу 2012-жылга салыштырганда 8% га көбөйүп 2018-жылы 24% га жогорулады



2018 жылдын 10-октябрда Кыргызстандагы Европа Биримдиги жана "БУУнун Аялдар" түзүмү Кыргыз Республикасынын УлуттукСтатистика Комитети менен биргеликте мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу инвестицияларына жана анын Кыргызстандагысалыктык кирешелердин, жумуш орундардын өсүшүнө жана гендердик теӊчиликке болгон таасирине баа беруу максатында жаңыизилдөөнү баштады.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы  бoюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүменен камтуу 2012-жылга салыштырганда 8% га көбөйүп 2018-жылы 24% га жогорулады. Азыркы учурда болжол менен 187000 бала1390 бала бакчага барат, анын ичинен 1248 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар болуп, 142 жеке менчик бала-бакчасыболуп эсептелинет. Ошол эле учурда, балдардын төрөлүү санынын өсүшү мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоогомуктаж болгон балдардын санынын өсүшүнө алып келди. Буга чейин, эгерде 2012-жылы 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 625 961 баланы түзсө, 2017-жылы – балдардын саны 768 299 балага жеткен. 

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Финляндиянын ден соолук жана социалдык камсыздоо улуттукинституту менен биргеликте ишке ашырылып жаткан туруктуу жана ар тараптуу социалдык коргоо системаларын түзүү боюнчаКыргызстандагы Европа Биримдиги тарабынан өткөрүлүп жаткан глобалдык долбоорунун бир бөлүгү катары 2018-жылдын октябрьайынан декабрь айына чейин ишке ашырылат. Аталган изилдөө 2017-жылы пилоттук долбоор катары Түштүк Африка Республикасында,Уругвай жана Түркия мамлекеттеринде ийгиликтүү түрдө өттү.

Эльмира Алымкулова, КРнын Улуттук статистикалык комитетинин аппарат жетекчиси: «Баланын өмүрүнүн алгачкы жылдарындагы инвестициялары - бул мамлекет тарабынан эң натыйжалуу капиталдык салымдарыболуп саналатЭкономикалык моделдөө аркылуубул изилдөө мектепке чейинки жаштагы балдардын толук камтуу үчүнинвестициялардын үч болжолдуу сценарийларын жана анын Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө кандай таасир берүүжагдайларына байкоо жүргүзөт», дейт Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгнун кызматташтык бөлүмүнүн башчысыШарлотт Адриэн.

Кыргызстандагы "БУУнун Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Геральд Гюнтер белгилеп кеткендей: «Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жалпыга жеткиликтүү жана жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартибинде коюлган максаттарына жетүүсүн тездетет. Мектепке чейинки билим берүү өлкөдөгү бир топ сапаттуу жана жогорку акы төлөнүүчү жумуш орундардын өсүшүнө алып келгени менен, эмгек миграцияга альтернатива бар экендигин билдирет».

 

Кыргызстанда  мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу кайрадан изилденет

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться