Түрк Дуйнөсүнүн Экономикалык форуму » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк Дуйнөсүнүн Экономикалык форуму

3-октябрь күнү Кыргыз Түрк Манас Университетининде  Улуттар Аралык Түрк Дүйнөсүнүн Экономикалык форумунун 2-отуруму болуп өттү.



   Отурумда Кыргыз Түрк Манас Университетинин Финанс жана Кредит бөлүмүнүн окутуучусу доц. дк Турусбек Асанов, Казахстандын Чет тилдери жана Ишкерлик карьера Университетинин Экономика жана Туризм бөлүмүнүн башчысы доц.академик Бинали Мамоев ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка Университетинин математика бөлүмүнүн окутуучусу проф. Сыргак Кыдыралиев өз докладдарын жактап беришти.

  Темалар:  «Кыргыз Республикасынын валюталык саясаты», «Экологиялык туризм», «Кыргыз революциялары: Себептериби же кесепеттериби?» атуу темаларда даярдалган.

   Белгилей кетсек аталган форум 5- октябрга чейин уланат. Жалпысынан форумда 8 отурум болуп өтөт. Илимий ишчарага Кыргызстандын, Казахстандын,Өзбекстстандын ошондой эле Түркиянын илимпоз, окумуштуулары катышууда. Аталган форумга Кыргыз Түрк Манас Университети жана Түркиянын «Эл аралык карым-катнаш жана өнүгүү» агенттиги демөөрчүлүк кылууда.

 

Жайнагул Тойчубекова

Түрк Дуйнөсүнүн Экономикалык форуму

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться