Мухтар Атаналиевдин айтымында, бул тасма атайын жаштар үчүн футбол тууралуу тартылган.
Убагында кыргыз эстрадасынын жылдызы "Атаман","Жаш сулуу" ж.б. ырлардын аткаруучусу Мухтар Атаналиевдин учурда кино менен алектенип жатканы эч кимге сыр болбосо керек. Ал буга чейин "Аят" , "Аят 2" , "Мигрант" , "Салбуурун" ж.б.у.с тасмалардын үстүндө иштеген. Жалпысынан алганда быйыл Мухтар агайдын жетинчи тасмасы чыгат экен. Анын аталышы да "7-номер".
Мухтар Атаналиевдин айтымында, бул тасма атайын жаштар үчүн футбол тууралуу тартылган. Бул маалыматтарды ал "Чоң экран" программасында айтып берди. Толук маекти төмөндөгү шилтемеден угуңуздар.
Маектешкен: Гулзира Кенешова