Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт

"Жаңы күн" радиодолбоорунун бир жолку коноктору Кыргыз-Түрк Манас университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү проф. докт. Канат Жанузаков жана аталган жайдын ага окутуучусу Доц. докт. Мехмет Түркмен агайлар болду. Алар эфирдин жүрүшүндө жакында эле Түркиянын Кахраманмараж жергесинде өткөн  "Тектеш түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт" деп аталган Эл аралык симпозиум тууралуу кенен баяндама жасап кетишти. 



Симпозиум Кыргыз-Түрк Манас университети, МУШ Алпарслан Университети жана Кахраманмараж шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган. Кыргызстандан жалпы жонунан илимий доклад окуу максатында 29 окумуштуу катышкан. Негизинен түбү бир болгон тектеш түрк элдериндеги улуттук оюндар, алардын ойнолуу тартиби, тарых-таржымалы, жаралуу баяны, спорт менен болгон байланышы жана кандайча жолдор менен бүгүнкү муунга пропагандалоо керектиги кеңири талкууланган. 

Андан сырткары Кыргыз-Түрк Манас университетинин демилгеси менен жаңырган 2018-жылда атайы "Түрк элдеринин улуттук оюндарын изилдөө борбору" деп аталган борбор ачылып, башка мамлекеттер менен да байланышты чыңдап, көөнөрүп бараткан улуттук, элдик оюндарды кайра калыбына келтиртүү, жайылтуу максатындагы алгылыктуу иштер пландалып жатканын Канат Жанузаков мырза өз сөзүндө белгилеп кетти.

 

 

Жылдызбек Турсунбаев

Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться