Главная > Новости "Медиа Манас" > Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт

Түрк элдеринин улуттук оюндары жана спорт


19 декабря, 11:40. Разместил: Jyldyzbek

Симпозиум Кыргыз-Түрк Манас университети, МУШ Алпарслан Университети жана Кахраманмараж шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган. Кыргызстандан жалпы жонунан илимий доклад окуу максатында 29 окумуштуу катышкан. Негизинен түбү бир болгон тектеш түрк элдериндеги улуттук оюндар, алардын ойнолуу тартиби, тарых-таржымалы, жаралуу баяны, спорт менен болгон байланышы жана кандайча жолдор менен бүгүнкү муунга пропагандалоо керектиги кеңири талкууланган. 

Андан сырткары Кыргыз-Түрк Манас университетинин демилгеси менен жаңырган 2018-жылда атайы "Түрк элдеринин улуттук оюндарын изилдөө борбору" деп аталган борбор ачылып, башка мамлекеттер менен да байланышты чыңдап, көөнөрүп бараткан улуттук, элдик оюндарды кайра калыбына келтиртүү, жайылтуу максатындагы алгылыктуу иштер пландалып жатканын Канат Жанузаков мырза өз сөзүндө белгилеп кетти.

 

 

Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад