Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor

Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi’nde Gençlik Forumu gerçekleştirildi.



2016-жылдын 11-февралында окуу жайыбызда “Кыргызстанда жалпы жарандык бирдейликти жана элдин улуттук биримдигин калыптандырууда жаштардын ролу” аттуу форуму өтүп жатат.

Аталган форумдун максаты Кыргызстан жаштарынын арасында жалпы жарандык бирдейликти жана этностор аралык толеранттуулукту калыптандыруунун формаларын, милдеттерин жана жолдорун аныктоо болуп саналат.

Форумга университетибиздин жетекчилери, ЖОЖдор студенттери, улуттук маданий борборлордун жаштар борборлору, жамааттар, топтор, ассоциациялар жана медиа өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Бириккен Улуттар Уюмунун калктар фонду (UNFPA) болушту.

Форумдун ачылыш сөзүндө окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы иш чаранын мааниси жана максатын белгилеп, Кыргызстан көптөгөн улуттардын башын бириктирип, тынчтык, биримдик, ишеним тартуулоо менен ынтымакта жашап келген өлкө.  Кыргызстан - биздин баарыбыздын Ата Мекенибиз десем жаңылышпайм. КРнын Президенти “2016-жылды Тарых жана маданият жылы” деп жарыялаганына абдан кубанып олтурабыз, себеби ар бирибиз өз тарыхыбызды жана маданиятыбызды билип жүрүшүбүз керек. Келечегибиз жаштар экенин баарыбыз билебиз, андыктан улутубуздун артыкчылыгын, анын тарыхынын байыркылыгын даназалап, орток мурастарыбызды кийинки муундарга тааныта жүрөлү», - деп, жаштарга ийгилик каалоо менен форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Университеттин биринчи проректору, профессор А.Кулмырзаев форумдун ачылышы менен куттуктап: ““Тарых жана маданият” жылынын алкагында өтүп жаткан жаштар форуму зор мааниге ээ. Анткени жаштар ар бир өлкөнүн келечеги жана өлкө жетекчилери жаштарга көбүрөөк көңүл бурушу керек, себеби эртеңки күнү мамлекетти келечек ээлери болгон жаштарыбыз башкарат. Ошондуктан, бүгүнтөн баштап биз жаштарга туура багыт, туура жол көрсөтүшүбүз зарыл. Туура багыт алыш үчүн өзүбүздүн тарыхыбызды жана маданиятыбызды жакшы билишибиз керек. Себеби, тарых мен киммин? Деген суроого так жооп берет. Кыргызда сөз бар эмеспи "Ырыс алды ынтымак", илимдин, коомдун, экономиканын өсүшү да ынтымак менен байланыштуу, андыктан ынтымак болгон жерде бардык нерсе болот” – деп, форумдун ишине ийигилик каалады.

КРнын Президентинин Аппарат жетекчисинин өкүлү С.Тажибаев КРнын Президентинин Аппаратынын атынан куттуктоо сөзүн айтып, төмөнкүлөргө токтолду:  “Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине чейрек кылым болуп олтурат. Ошол 25 жыл ичинде бир топ тарыхый окуяларды баштан өткөрдүк. Учурда тарыхыбызга, маданиятыбызга таянып, дүйнөлүк аренага чыгууга, дүйнөлүк мамлекеттердин катарына жетүүгө мезгил келип жетти. Биз рухий дүйнөбүздү, маданиятыбызды, тарыхыбызды баалаганда гана улут боло алабыз. Тарыхы болбой эл болбойт демекчи, маданият жоголсо, эл жоголот, андыктан ааламдашуу шартында тарыхыбызга, маданиятыбызга карап, алдыга жылалы. Ал үчүн жалпы багытыбыз жана максатыбыз болуш керек. Мына муун алмаша турган мезгил да келе жатат. Ошондуктан бүгүнкү жаштар форумунун өтүп жатышы да зор мааниге ээ, себеби жаштар биздин келечегибиз. Бизди бириктирип турган идентүүлүк, ал адамдын эң негизги базалык керектөөсү. Мен киммин? дегенде “мен кыргыз жаранымын” дегендей болушубуз керек. Себеби, дүйнөлүк тарых, дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү бүгүнкү күндө адам ресурстары эң маанилүү ресурс экенин көрсөттү. Демек, биз адам ресурстарына көңүл бурушубуз керек.”, - деп КРнын президенти белгилеп кеткендей, алдыда кыргыз жаранын калыптандыруу, жарандык бирдейликке бириктирүү максаты турганына басым жасап, мамлекеттин келечегин ойлогондо гана келечегибиз кең болоорун белгиледи.

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим, маданият, жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Бекбоев форумдун ачылышы менен куттуктап, бүгүнкү күнү кыргыз эли улут деңгээлинде эмес, инсандык деңгээлде көтөрүлүшү жана улуттар аралык ынтымакты сакташыбыз керектигине басым жасады.

КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.Рыспаев: “Элибиздин негизги максаттарынын бири мамлекеттүүлүктү чыңдоо, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн, улуттук биримдигин, этностор аралык мамилелерди өркүндөтүүнү, элибиздин маданий мурастарын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо жана ал баалууктарыбызды кийинки муунга жеткирүү биздин милдет.”, -деп мамлекеттин эртеңки күнү жаштарга көз каранды экендигине токтолду.

КРнын  Билим жана илим министринин орун басары Н.Эсенкулов  министрликтин атынан  форумдун ачылышына ийгилик каалап, дүйнөдөгү эң маанилүү маселе, элдердин ортосундагы ынтымагы экендигин айтты.

Спорт, жаштар жана дене тарбия агенттигинин директорунун орун басары Б.Эгембердиев жаштар бардык региондорду кыдырып, алардагы өзгөчөлүктөр, баалуулуктар менен кеңири таанышып турушса, ынтымак, биримдикти түптөө жолго коюлат деген оюн билдирди.

Андан соң БУУ Калктар фондунун Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү М.Өмүрзаков учурда БУУ жаштар арасында бир топ долбоорлорду уюштуруп, жаштардын ден соолугуна, билимине өзгөчө көңүл буруп, ага байланыштуу көптөгөн иш чараларды өткөрүп келе жаткандыктарын айтып өттү.

Ошондой эле Кыргызстандын Азирети Муфтийинин атынан Токтомушев Максат ажы: “азыркы учурда жаштар арасында бир боштук бар. Ал боштукту эмне менен толтурарын билбей жүргөн жаштарыбыз көп. Аларды иш менен алек кылышбыз зарыл. Адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоо ислам дининин негизги милдеттеринин бири. Ушундан улам коомубузда ынтымакты жана зомбулуксуз жашоо маданиятын калыптандыруу үчүн ыйманы таза жаштарды тарбиялообуз керек”, - деди.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин жаштар форуму чакан топторго бөлүнүп, иш алып барышты. Анда “Кыргызстанда жалпы жарандык бирдейликти жана элдин биримдигин бекемдөөдөгү жаштардын ролу”, “Көп түрдүүлүктүн биримдигин бекемдөөдө мамлекеттин саясаты кандай болушу керек”, “Жалпы жарандык, “кыргыз жараны” бирдейликти кантип калыптандыруу керек: милдеттер, формалары жана жолдору”, “Жаштар медиясы. Эски көйгөйлөргө жаңыча көз караш”, “Конфенссиялар аралык мамилелер жана жаштар арасындагы прозелит маселелери” деген темалардын тегерегинде баяндамалар окулуп, суроо-жооп, талкуу жана ой-пикирлер айтылды.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Загрузка плеера...


Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor Kırgızistanlı Gençler, Geleceklerini İnşa Ediyor

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться