“Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин калемине таандык “Улуу үркүн” китебинин түркчө котормосунун бет ачар аземи болду.



Үстүбүздөгү жылдын 10-майында КТМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы Жал кампусунда өткөрүлгөн китептин бет ачар аземине окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Акбар Рыскулов, Кыргыз эл жазуучулары Анатай Өмүрканов жана Мелис Абакиров катышты.

Китептин бет ачары Сагындык Өмүрбаев тууралуу документалдык тасма менен башталып, андан соң аземди КТМУнун ректору Себахаттин Балжы ачты. Ачылыш сөзүндө: “Түрк дүйнөсүнүн 3000 жылдык тарыхында кандуу окуялар да болду. Алардын бири Улуу үркүн болуп эсептелет. Биз булардын баарын билип, өткөндөн өрнөк алышыбыз керек. Ушундай жол менен гана ынтымак жана биримдик жашоо керектигин дагы жакшылап түшүнөбүз”,-деген Себахаттин Балжы, мындан сырткары 1916-жылкы Үркүн сыяктуу окуялар кайталанбоосу үчүн Түркиядан келген кишилердин 6 жыл тынбай күрөшкөнүн эске салып, Улуу үркүн окуясы жалгыз эле Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн эсинде калган каргашалуу окуя экенин баса белгиледи.

Муну менен катар аталган китепти түркчө которууга КТМУнун жалпы жамааты колдоо көрсөткөнүн айтып: “Сагындык Өмүрбаевдин чыгармасын окуганымда бардык окуяларга сүңгүп кирдим, алардын баары эс-тутумумда сакталуу калды. Бул китепти жаш муундар да окуп, бул окуяны унутпай эскерүүлөрү керек. Анткени китептин мазмуну мына ушунда”,-деп, улуттук маданий мураска бай кыргыз элинин тарыхын жана маданий байлыгын дүйнөгө таанытуу үчүн дал ушундай мазмундагы китептердин көп жазылуусу керектигин белгиледи.

“Манас” университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев бул тууралуу “100 жыл мурунку Улуу үркүн окуясын чагылдырган бул китеп, кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет. Анткени бул окуя Түрк дүйнөсүндө да билинүүсү шарт. Ушундай жол менен биз бири-бирибиздин кайгы-капабызды, кубанычыбызды тең бөлүшөбүз”,-деди.

Кыска аралыктын ичинде китепти которууга жетишкен ага окутуучуларды куттуктаган Асылбек Кулмырзаев: “Биз тарыхыбызды бири-бирибизден үйрөнүшүбүз керек. Бул жагынан алганда абдан пайдалуу деп эсептелген бул китеп, Кыргыз-Түрк достугу үчүн аткарылган эң маанилүү иштерден бири. Мындан кийин да кыргыз элинин тарыхы тууралуу көп китептер жазылып, жаш муундарга мурасталышын каалайм”,-деген тилегин билдирди.

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Акбар Рыскулов, “Тарыхтагы мындай кайгылуу окуялар унутулбоосу үчүн жаштардын тарыхты мыкты билүүсү керек” деген пикирин билдирип, жаштарга бул китепти окууну сунуштады.

Китептин рекактору, КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Фахри Үнан, китептин котормосу 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата ишке ашырылганын айтып, Улуу үркүн окуясына 100 толсо да эч качан унутулбаганын белгиледи.

Кыргыз эл жазуучусу Анатай Өмүрканов да, ректор айткан ойду кошумчалап, китепте чындап эле кыргыз элинин кейиштүү тагдырлары, оор жашоо-шарттары чагылдарылганын айтып, муну жаштар сөзсүп окуп, тааынышып чыгуусу керек деген оюн билдирди.

Акын, радиожурналист Тенти Орокчиев болсо Сагындык Өмүрбаевдин китеби кыргыз маданиятындагы көөнөрбөс булактардын бири катары орун алганын айтып, “Манас” университети да кыргыз тарыхынын жана маданиятына салым кошкон көптөгөн иштерди аркалап келе жатканын белгиледи.

Бет ачар аземдин башка коноктору да орток пикирлерин тең бөлүшүп, Сагындык Өмүркбаев кыргыз маданиятына өчпөс из калтырганын бир ооздон белгилешкенден кийин, жазуучунун уулу Алмаз Өмүрбаев, аталган китеп 1995-жылы КТМУнун түзүлгөндө жазылганын айтып, бирок китеп жазуучунун көзү тирүүсүндө жарыяланбай калганын билдирди.

Белгилей кетсек, Сагындык Өмүркбаевдин “Улуу үркүн” аттуу  китебин кыргызчага окуу жайлын гуманитардык факультетинин ага окутуучулары Женгзи Буяр, Али Үнал, Мухиттин Гүмүш, Роза Абдыкулова жана Кайрат Белек которушту.



Загрузка плеера...


“Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду “Улуу Үркүн” китеби түркчөгө которулду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться