Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду

Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясынын атын ааламга угузду



Үстүбүздөгү жылдын 3-4-май күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция тууралуу маалымат Түркиянын Анадолу маалымат агенттиги тарабынан байма-бай жарыяланып турду.

Аталган конференция Түркиянын эл аралык кызматташтык боюнча уюму (ТИКА), ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана “Айтыш” фондунун колдоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультети тарабынан уюштурулуп, Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү илимий өңүттө талкууланды. Бул тууралуу КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, Түрк дүйнөсүнүн орток маданиятынын баалуу мурасы төкмөчүлүк өнөрү, Коркут атадан бери улантылып келе жатканын эске салып: “Төкмочүлүк, Түрк элинин кубанычы менен кайгысын, азабы менен жыргалын көркөм сөз өнөрү аркылуу ырга айланткан, башкача айтканда руханий маданияттын көөнөрбөс булагы”,-деди.  

Ректордон кийин сөз алган Эрбакан университетинин өкүлү, профессор Али Берат Алптекин “Түркстандан көчүп кеткен эки төкмө акын Омер жана Шенлик” аттуу баяндамасында сүргүндөргө жана тыюуларга карабай Кырым эли ушул эки акындан “тарбия” көргөнүн белгиледи. Мындан тышкары, Борбордук Азиянын басма сөз каражаттарын Түрк дүйнөсүнүн маданиятына басым жасоосу керектигин айтып: “21-кылым – Түрк дүйнөсүнүн кылымы катары эл эсинде калат. Мындан эяч ким шек санабасын!”,-деген пикирин билдирди.

Азербайжандын төкмө акындар ассоциациясынын жетексинини орун басары Муса Небиоглу “Азербайжандын төкмөчүлүк салты” аттуу баяндамасында, Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү узун тарыхый жолду басып келе жатканын билдирди.

Конференциядан кийин катышуучулар кечинде Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлгөн салтанаттуу аземге катышышып, Түрк дүйнөсү төкмөлөрүнүн таң-тамашаларына күбө болушту.


Загрузка плеера...


Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду Анадолу маалымат агенттиги “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрүн” ааламга угузду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться