Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады

28-апрелде “Чоң экран” программасында SEA студиясынын директору Сүйүм Сулайманова жана Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классынын бүтүрүүчүсү Тилек Токомбаев конокто болушту.



Коноктор менен белгилүү режиссердун мастер-классы алкагында маек курдук.

Сүйүм Сулайманованын айтымында, аталган мастер-класс 10 жылдан бери ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатат:

Быйыл X юбилейлик мастер-класс аяктады. 10 жылдан бери ар жылы мастер-класска ар кандай өзгөчөлүктөр киргизилип турат, бирок окутуу программа ошол бойдон сакталып калган. Катышуучулар сценарий жазуудан баштап, актерлор менен иштешүүгө чейин үйрөнүшөт.

Быйыл 28 катышуучу болсо, мастер-класстын соңунда 20 тасма тартылды. Катышучулар ар кайсы тармактагы жана ар кандай курактагы адамдар болду. 8-класстын окуучуларынан баштап 60 жашка чейинки адамдар окуп бүтүрүштү.

Ал эми мастер-класстын бүтүрүүчүсү Тилек Токомбаев мындан ары жашоосун кино менен улантарын айтты:

“Мен кичине кезимден бери чыгармачыл адам экенмин, аны өзүм да билбей башка тармак боюнча окууну аяктагам. Анан менден эч кандай дипломат чыкпайт экен деп, мастер-класска катышып көрүүнү чечтим.  Эрнест агайдан көп нерсе үйрөндүк, ошол нерселердин негизинде “Анонимдүү клуб” деген аталыштагы тасма жараттым. Буюрса ушул тармак боюнча өзүмдү мындан ары да сынайм.  ”

 

Жазган: Гулзира Кенешова

 

Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться