Главная > Новости "Медиа Манас" > Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады
Эрнест Абдыжапаровдун X мастер-классы аяктады2 мая, 11:20. Разместил: sharizat |
Коноктор менен белгилүү режиссердун мастер-классы алкагында маек курдук. Сүйүм Сулайманованын айтымында, аталган мастер-класс 10 жылдан бери ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатат: “Быйыл X юбилейлик мастер-класс аяктады. 10 жылдан бери ар жылы мастер-класска ар кандай өзгөчөлүктөр киргизилип турат, бирок окутуу программа ошол бойдон сакталып калган. Катышуучулар сценарий жазуудан баштап, актерлор менен иштешүүгө чейин үйрөнүшөт. Быйыл 28 катышуучу болсо, мастер-класстын соңунда 20 тасма тартылды. Катышучулар ар кайсы тармактагы жана ар кандай курактагы адамдар болду. 8-класстын окуучуларынан баштап 60 жашка чейинки адамдар окуп бүтүрүштү. ” Ал эми мастер-класстын бүтүрүүчүсү Тилек Токомбаев мындан ары жашоосун кино менен улантарын айтты: “Мен кичине кезимден бери чыгармачыл адам экенмин, аны өзүм да билбей башка тармак боюнча окууну аяктагам. Анан менден эч кандай дипломат чыкпайт экен деп, мастер-класска катышып көрүүнү чечтим. Эрнест агайдан көп нерсе үйрөндүк, ошол нерселердин негизинде “Анонимдүү клуб” деген аталыштагы тасма жараттым. Буюрса ушул тармак боюнча өзүмдү мындан ары да сынайм. ”
Жазган: Гулзира Кенешова
Вернуться назад |