«Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды » MEDIAMANAS.KG
Bişkek www booked net
+10°C

«Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды

"Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюну



Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди. Иш-чара Кыргызстандын Футбол федерациясынын көмөгү менен ишке ашып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Аталган агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтүп, оюнду түз алып көрсөттү.

Урмат бош убактысынын баарын футболго арнап, бул оюндун күйөрманы болот. Жолугушуу учурунда өлкө намысын коргогон футболчулар Урматка топту туура тебүү, чабуул коюу жана коргонуу ыкмаларын үйрөтүп, соңунда кыска оюн болду. Ал эми КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыков жаш талантка топ жана улуттук кураманын формасын тапшырды.

"Биз сени менен сыймыктанабыз, Урмат. Сен өлкөнүн намысын татыктуу коргодуң. Футболду жакшы көрөрүң мактоого татыйт. Спорттун бул түрү командалык оюнду талап кылат. Сен эми биздин катарга кошулуп, 12-оюнчу болдуң", — деди Сыдыков.

Урмат өз кезегинде : "Sputnik агенттигине рахмат айтам. Мен баалаган жана жакшы көргөн футболчуларга жолуктум. Ал эми форма жана топ үчүн Футбол федерациясына ыраазычылык билдирем. Мен мындан ары ырдайм жана футбол ойнойм", — деди Урмат.

 Эскерте кетсек,   "Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишкен. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар. 12 жаштагы Урмат Мырсаканов долбоордун кийинки этабына өтпөй калды.

«Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды «Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды «Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться