Главная > Мир > «Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды
«Ты Супер» эл аралык конкурсунун Кыргызстандык катышуучусунун кыялы оорундалды14 апреля, 11:07. Разместил: sharizat |
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ты супер" конкурсунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов менен футбол боюнча улуттук курама команда менен достук оюнун уюштуруп берди. Иш-чара Кыргызстандын Футбол федерациясынын көмөгү менен ишке ашып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Аталган агенттиги маалыматтык колдоо көрсөтүп, оюнду түз алып көрсөттү. "Биз сени менен сыймыктанабыз, Урмат. Сен өлкөнүн намысын татыктуу коргодуң. Футболду жакшы көрөрүң мактоого татыйт. Спорттун бул түрү командалык оюнду талап кылат. Сен эми биздин катарга кошулуп, 12-оюнчу болдуң", — деди Сыдыков. Урмат өз кезегинде : "Sputnik агенттигине рахмат айтам. Мен баалаган жана жакшы көргөн футболчуларга жолуктум. Ал эми форма жана топ үчүн Футбол федерациясына ыраазычылык билдирем. Мен мындан ары ырдайм жана футбол ойнойм", — деди Урмат. Вернуться назад |