Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам!

Nevruz Bayramı KTMÜ'de coşkuyla kutlandı.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз - 2017» майрамдык салтанаты 21-март күнү өзгөчө шаң менен өттү. Майрамдык салтанатка Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, университеттин жетекчилери, КТМУнун жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү  катышышты.Майрамдык куттуктоо сөзүндө ректор, профессор Себахаттин Балжы:   - «Түрк элинин улуу майрамы болгон Нооруз майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы босогобузда турат. Нооруз бул – жаңы күндүн башталышы, ал жаңы күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер менен, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Ошондуктан бүгүн бири-бирибизди кечирип, жаман иштерди унутуп, тазаланып, жакшы жашоого умтулушубуз керек. Түрк дүйнөсүндө ар дайым биримдик, ынтымак болсун. Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!». Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: - «Бүткүл түрк тилдүү элдерине ата-бабалардан мурас болуп калган улуу Нооруз майрамы кут болсун. Миңдеген жылдар өтсө да маңызы сакталып келе жаткан нооруз - түрк элдеринин эзелтеден аздектеп, ыйык тутуп белгилеп келаткан салттуу майрамы. Күн менен түн тогошкон нооруз майрамында элибиз аруу тилектери айтып, бул күндү чексиз кубаныч жана жаркын үмүт менен тосуп келишет. Ошондой эле Нооруз биримдиктин майрамы, өлкөбүздүн көп улуттуу элин ынтымакка жана ыйманга чакырып, элдердин достугун даңазалайт. Бул өзгөчө майрам өлкөбүзгө тынчтык, ырыскы жана береке, улууларыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман алып келсин.» - деди. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч Нооруз майрамын Кыргызстанда 4-жолу тосуп жатканына кубанычта экенин билдирип: «Нооруз - Орто Азия жана жакынкы чыгыш элдери илгертеден бери майрамдап келаткан Жаңы жыл, жаз майрамы. Орто Азия элинин эзелтен уланып келген жашоосунда бул майрамдын ээлеген орду өтө зор, өтө бийик жана ыйык. Баарыңыздарды Нооруз майрамы менен куттуктайм, бүткүл адамзатка бакыт, ийгилик, тынчтык каалайм", - деген каалоо-тилегин айтты.Андан соң Ноорузга арналган элдик ырлар, бийлер жана кыргыз элинин улуттук каада салтын камтыган  майрамдык концерт кеченин көркүн ачты.  Соңунда коноктор майрамдык сүмөлөктөн даам сызышты.

 

Media Manas'ın Youtube Yayını (Yayın Facebook'tan da verilmiştir.)

 

Rektör Prof. Dr. Sebahattin Balcı'nın "Nevruz Kutlama Programı"ndan Sonra Katıldığı Manas FM Canlı Yayınından Bir Kesit:


Загрузка плеера...


Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам! Бар бол, Нооруз, бабалардан калган майрам!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться