Чанаккале жеңишине 102 жыл » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чанаккале жеңишине 102 жыл

Çanakkale Şehitleri, KTMÜ'de düzenlenen programla anıldı.



2017-жылдын 17-мартында окуу жайыбызда Түркия Республикасынын Чанаккале жеңишинин 102 жылдыгына карата  эскерүү кечеси болуп өттү.
Иш-чара Чанаккале согушунун курман болгондоруна арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу менен ачылды. Ага окуу жайыбыздын жетекчилиги, ТРнын Кыргызстанда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан өкүлдөрү, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттер катышты.
 Чанаккале согушу заманбап Түркия мамлекетинин түзүлүшүнө чоң өбөлгө түзүлгөнүн белгилеген университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Тарыхтагы бул согуш заманбап Түркия мамлекетинин курулуусуна чоң өбөлгө түзгөн. Бекеринен Мустафа Кемаль Ататүрк Чанаккеле жеңиши мамлекетибиздин түзүлүшү деп айткан эмес. Бул окуя Түркиянын Чанаккале деген жеринде болгону менен бүтүндөй түрк элдерине, тарыхый таасирин тийгизген. Тарыхта ташка тамга баскандай из калтырган Чанаккале жеңишин биз сыймык менен эскерип, шейит болгондордун эмгегин унутпашыбыз керек. Ал үчүн биримдикте жана ынтымакта, мыкты билим жана бийик адеп-ахлак менен башты бийик көтөрүп, келечекке ишенимдүү кадам таштообуз зарыл”, - деп айтты.
Ал эми окуу жайдын проректору, профессор Анварбек Мокеев Түркияда 102 жыл мурун өткөн Чанаккале согушунун тарыхына токтолуп: “Чанаккале согушу түрк элинин эгемендикке, көз карандысыздыкка умтулуусу болгон, бүгүн ал өз жемишин берип өз алдынча мамлекет болуп турат. Эгемендик үчүн жандалбас уруп, өз жанын аябаган эр-азаматтарга таазим этебиз, желегибиз ар дайым бийиктикте желбирей берсин”,- деген тилегин билдирди.
Чанаккале согушу Түркиянын Чанаккале деген жеринде болгону менен бүтүндөй түрк элдерине тарыхый таасирин тийгизген. Азыркы Түркиянын эле эмес балким бүтүндөй Азияны баскынчылардын, колонизаторлордун колуна өтүп кетишинен сактап калган күн экендигин Тарых бөлүмүнүн башчысы Фахри Унал өз баяндамасында басым жасап, согуш туурасында кеңири кеп кылды.
Андан соң студенттер окуя туурасында драмалык көрсөтүүлөрдү аткарышты.
Эскерте кетсек, Чанаккале согушу Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин анда жеңүүчү катары чыккан өлкөлөр Осмондук империя жайгашкан кең жерге кызыгып аны басып алууну көздөшөт. Ошол максатта 3-ноябрь, 1915-жылы Франция жана Англиянын деңиз флоту Чанаккале кысыгын камтыган регионго кол салышкан. Бул согуш 18-март, 1915-жылында душмандык аскерлердин чоң жоготуусу менен мизи кайтарылган. Натыйжада 300 миңден ашык Осмондук империянын аскерлери шейит болушкан.


Загрузка плеера...


Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл Чанаккале жеңишине 102 жыл

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться