Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы “Радио 1” уктуруусунда Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясын таанытты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы “Радио 1” уктуруусунда Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясын таанытты

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору жана Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын төрагасы, профессор Себахаттин Балжы, Түркиянын “ТРТ Радио 1” уктуруусунда аталган ассоциация тууралуу кенен маалымат берди.



Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Түркия убактысы менен эртең мененки саат 9.30да “Гюндем” аттуу програманын алкагында эфирге чыккан Себахаттин Балжы, Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясына кенен токтолуп, аталган ассоциацияга Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгонун, бул ассоциациянын максаты Түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде кызматташтыкты жакшыртууну көздөрүн жана алар менен чогу иш алып баруу үчүн уюштурулган чоң организация экенин белгиледи. “2012-жылдын 10-августунда түзүлгөн Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын кеңеши өлкөнүн президенти жана премеьер-министри тарабынан көзөмөлдөнөт. Түзүлүүдөгү негизги максатыбыз, аталган өлкөлөдүн университеттери менен биргеликте билим-илим, маданият, искусство жана спорт тармагында кызматташууларды арттырмак, долбоорлорду иш ке ашыруу, орток жана кош дипломдуу адистерди даярдоо. Бул максатыбыздан тайбай, 2012-жылдан бери биргеликте кызматташып келатабыз”,-деди Себахаттин Балжы.
Белгилей кетсек, окуу жайдын ректору Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын мезгилдик төрагалыгын 2016-жылдын апрель айынан баштап жүргүзүп келет. Бул биримдиктин алкагында былтыртан бери аткарылып жаткан иштердин эң көзгө басары ректор өзү да белгилеп кеткендей, Орхон процессине таандык эмгектер.
Аталган уктуруу түз эфир аркылуу Манас ФМден да берилди.

Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы “Радио 1” уктуруусунда Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясын таанытты

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться