Главная > Университет > Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы “Радио 1” уктуруусунда Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясын таанытты
Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы “Радио 1” уктуруусунда Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясын таанытты14 марта, 16:52. Разместил: bn |
Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Түркия убактысы менен эртең мененки саат 9.30да “Гюндем” аттуу програманын алкагында эфирге чыккан Себахаттин Балжы, Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясына кенен токтолуп, аталган ассоциацияга Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгонун, бул ассоциациянын максаты Түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде кызматташтыкты жакшыртууну көздөрүн жана алар менен чогу иш алып баруу үчүн уюштурулган чоң организация экенин белгиледи. “2012-жылдын 10-августунда түзүлгөн Түрк Кеңешинин университеттер ассоциациясынын кеңеши өлкөнүн президенти жана премеьер-министри тарабынан көзөмөлдөнөт. Түзүлүүдөгү негизги максатыбыз, аталган өлкөлөдүн университеттери менен биргеликте билим-илим, маданият, искусство жана спорт тармагында кызматташууларды арттырмак, долбоорлорду иш ке ашыруу, орток жана кош дипломдуу адистерди даярдоо. Бул максатыбыздан тайбай, 2012-жылдан бери биргеликте кызматташып келатабыз”,-деди Себахаттин Балжы. Вернуться назад |