Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде «Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин мамлекеттик тил катарында окутуу маселелерин» талкуулаган тегерек үстөл өткөрүлдү 



2013-жылдан бери КРнын ЖОЖдорунда кыргыз тили сабагы милдеттүү түрдɵ уюштурулуп келет. 28-февраль күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдери жогорку мектебиндеги чет тилдер бɵлүмүнɵ караштуу кыргыз тили координаторлугу тарабынан «Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин мамлекеттик тил катарында окутуу маселелерин» талкуулаган тегерек үстөл өткөрүлдү.
Аталган тегерек үстөлдө негизинен факультеттерде кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу (1-2-курс, улантуучу топ), окуу пландары, жумушчу программалары, кыргыз тилин окутууга бɵлүнгɵн сааттар жана билим алган студенттердин саны, улантуучу топко кыргыз тилин окутуунун максат-милдеттери, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуп жаткан кыргыз тили кафедрасынын ишмердүүлүгү, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууга байланыштуу окуу китептерине мүнɵздүү маселелер каралды.
Иш-чарага катышкан КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тɵрагасы Н.Ишекеев: «Улуттук баалуулуктарыбыздын бири - эне тилибиз. Учурда ааламдашуу заманында билим берүүнүн философиясы, методологиясы да өзгөрүүдө. Андыктан илим менен практиканы айкалыштыруунун убактысы келип жетти. Бул жаатта Кыргыз-Түрк «Манас» университети туура иш алып баратат. Тил маселесин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чечели», - деди.
Ал эми университеттин биринчи проректору А.Кулмырзаев 1990-жылдары кыргыз тилин чет тил катары окутууда окуу куралдарынын тартыштыгын эске салып: « Өзгөчө башка улуттарды окутуп, үйрөтүүдө мамлекеттик тилди оңой жана жагымдуу кылып үйрөтүүнүн методун табышыбыз зарыл. Бул жагынан Кыргыз-Түрк «Манас» университети мамлекеттик тил катары кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү ишинде көптөгөн жетишкендиктерге жетишти. Алсак, окутуп-үйрөтүү боюнча окуу нормативдери иштелип чыгып, көптөгөн окуу куралдары, усулдук колдонмолор жана олуттуу окуу китептери жарык көрүп жатат. Учурда о куу жайда 16 мамлекеттен келген студенттер билим алышып жатат, алар 1 жылдын ичинде кыргыз тилин үйрөнүп, сынак тапшырууга жетишүүдө. Андыктан ЖОЖдор ортосунда бул маселелерди чечүү менен тажрыйба алмашып, бирге иш алып барсак натыйжалуу болот», - деп айтты.
Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Т.Абдиев: «Ар бир окуу жайында факультеттерде кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү иши ар башкача жана окутуу жамааттары бири-бири менен өз ара тыгыз байланышта иш жүргүзбөгөндүктөн, окуу куралдары, окуу китептери жана билим берүүнүн багыт, усул-ыкмалары ар түрдүү болууда, мына ошол маселелер боюнча пикир алмашып, орток иш алып баралы деген максатта чогулуп олтурабыз», -деп билдирди.
Тегерек үстөлдө ЖОЖдордо кыргыз тилин окутуу ишмердүүлүгү ар бир ЖОЖдо ɵз алдынча жумушчу программалары менен жүргүзүлүп жаткандыгын, бул маселе боюнча орток иш алып баруу зарылдыгы бар экендигин, кыргыз тили кафедралары, бɵлүмдɵрү ар бир университетте ɵз алдынча кафедра катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгын, адистикке байланыштуу орток окуу куралдарынын жана кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууга бөлүнгөн сааттардын жетишсиздигин айтышты. Тегерек үстɵлдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды.
РЕЗОЛЮЦИЯ
• Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууга бөлүнгөн сааттар бирдей көлөмдө (гуманитардык, филологиялык, кесиптик-техникалык багыттарга) бардык ЖОЖдордо бир типтүү бөлүү жана окутууга бөлүнгөн сааттардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүү маселеси КР Билим берүү жана илим министрлигине сунушталсын;
• Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары окутууда орток жумушчу программалары түзүлсүн;
• Мамлекеттик ишмердүүлүктү тейлей турган кеп маданиятын өнүктүрүлсүн (орфоэпиялык сөздүк);
• Кесиптик багыттар мамлекеттик тилде окутуу жагы сунушталсын;
• Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууда бирдиктүү окуу куралдары даярдалсын;
• Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн усул-ыкмалары боюнча семинарлар өткөрүлсүн;
• Адистик боюнча бирдиктүү терминдер терминологиялык иштелип чыксын;
• 2017- жылдын май айынын аягында кайрадан тегерек үстөл өткөрүлсүн.
Тегерек үстɵлдүн катышуучулары жогоруда белгиленген маселелерди толугу менен колдоп кабыл алышты. Ошондой эле резолюцияда белгиленген максаттарды биргеликте ишке ашыруу үчүн кызматташуу жɵнүндɵ макулдашылды.


Загрузка плеера...


Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу маселеси көтөрүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться