Окуу жайыбыздын проректору Анвар Мокеев эл аралык деӊгээлдеги сыйлык алды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Окуу жайыбыздын проректору Анвар Мокеев эл аралык деӊгээлдеги сыйлык алды

Окуу жайыбыздын проректору, профессор Анвар Мокеев эл аралык деӊгээлдеги сыйлыкка татыктуу болду



Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитинин алкагында 1-мартта, ЭКУ номинанттарына ЭКУ сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Аталган сыйлыктын бири университетибиздин проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеевге ыйгарылды.
Сыйлык илим-изилдөө иштериндеги аймактык мүнөздөгү ЭКУ экономика, тарых, маданият, адабият жана искусство, илим жана технология, билим берүү, айыл чарбасы жана айлана чөйрө жаатындагы жетишкендиктерге берилет.
Профессор Анварбек Мокеевге сыйлык илим жана технология тармагындагы илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамааты урматтуу кесиптешибиз Анвар Мокеевди чын жүрөктөн куттуктап, ден-соолук, илимий-педагогикалык иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайт!

Маалымат катары: ЭКУ 1985-жылы түзүлүп, регионалдык кызматташуу жана өнүгүү уюмун улантуучу болуп саналат. Кыргызстан уюмга 1992-жылы мүчө болгон.
ЭКУ 1977-жылы март айында үч негиздөөчү мамлекет: Түркия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Иран Ислам Республикасы тарабынан кол коюлган Измир келишиминин-Уставынын негизинде иш алып барат.
ЭКУ алкагында кызматташуу ага мүчө-мамлекеттер ортосунда суверендүү тең укуктуулукту, бирдиктүү достук мамилени жана өнөктөштүктү камсыз кылат. ЭКУ негизги милдеттери болуп экономикалык өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, илимий-техникалык, социалдык-маданий жана экономикалык кызматташтыктык алкагында мамилени бекемдөө, чарбалык мамилелерди чыңдоодо дүйнөлүк системаны жакшыртууда ырааттуу интеграцияны камсыз кылуу болуп саналат.


Загрузка плеера...


Окуу жайыбыздын проректору Анвар Мокеев эл аралык деӊгээлдеги сыйлык алды Окуу жайыбыздын проректору Анвар Мокеев эл аралык деӊгээлдеги сыйлык алды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться