Кыргыз киносуна саякат: “Тайгак кечүү” тасмасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз киносуна саякат: “Тайгак кечүү” тасмасы

Бүгүнкү программада “Тайгак кечүү” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Тайгак кечүү” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү"тасмасы, кыргыз кинорежисеру тарткан, туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

 

Тартуучу топ :

Койгон режиссёр- Мелис Убукеев

Сценарий- Мелис Убукеев, Николай Рожков

Койгон оператор- Кадыржан Кыдыралиев

Композитор - Валентин Кончаков

Редактору - Б. Жакиев

 

Тартылган актерлор :

А. Абаева – Уулжан

Ш. Кобегенов – Мукаш

Бакен Кыдыкеева - Азиз Эне

Муратбек Рыскулов

Болот Бейшеналиев

Советбек Жумадылов

Уулжандын агасынын ролун болсо Төлөмүш Океев ойногон.

 

Тасманын дареги :

“Тайгак кечүү” (“Белые горы” же “Трудная переправа”) тасмасы 1964-жылы Мукай Элебаевдин “Бороонду күндө” жана “Узак жол” чыгармаларынын негизинде тартылган. Бул тасма - режиссер Мелис Убукеевдин дипломдук иши. Аталган кино тасмада кыргыздардын 1916-жылкы кайгылуу тагдыры чагылдырылган.

Чоң экранга 1966-жылы 1-августта (болжол менен) Москва шаарында чыккан.

 

 

Сюжетин эске салсак :

Үркүндө Кытайга качып барган боз улан Мукаш жакындарынан толугу менен айрылып, атуулдук согуш алааматынын кучагына кабылган кыргыз жергесине кайтып келет. Узак жолдо Мукаш тоо арасында жалгыз отурган эски боз үйгө туш келет. Сүйлөшүп отуруп үй ээсинин кайтыш болуп анын жубайы менен кызы Уулжандын кыйын абалга кабылгандыгын билет. Уулжан он үчкө жаңы чыккандыгына карабастан мурунку болушка токолдука берилиши шартташылып коюлган болот. Мукаш Уулжанга өзүнүн окусам деген кыялын айтып берет. Уулжан Мукашка өзү менен ала кетүүсүн суранат. Качып бара жаткандар чоң дайрага жеткенде куугун келет. Мукаш куугунчулардын көңүлүн Уулжандан алаксытып тоого чыга качат. Асканын кырына чыгып Уулжандын суудан аман-эсен өткөнүн көрүп ишенгенден кийин, куугунчулар аны тутканга аракет кылып жетип келишкенде бойун аскадан ылдый тыштап, өзү жетпей калган кыялына Уулжандын жетишине жол ачат.

 

Сыйлыктары:

Тасма 1965-жылы Алматыда өткөн Бүткүл Союздук Орто-Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында I даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын оюнун жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.

 

 

 

 

Режиссёр тууралуу :

 

Таланттуу кинорежиссер, манастаануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти - Убукеев Мелис Айткулиевич 1935 жылы 17 апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн.

 М.Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган.

 

 Даярдаган: Кенешова Гулзира


Загрузка плеера...


Кыргыз киносуна саякат: “Тайгак кечүү” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Тайгак кечүү” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Тайгак кечүү” тасмасы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться