Кылым карыткан кыргыз адабияты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кылым карыткан кыргыз адабияты

12-декабрь кыргыз адабияты үчүн маанилүү даталардын бири.2011-жылдан бери дал ушул күнү Кыргыз адабияты күнү белгиленип келет.



12-декабрдын кыргыз адабияты үчүн канчалык маанилүү дата экени айтпаса да талашсыз.1928-жылдын 12-декабрында дүйнөгө кыргыз адабиятын тааныткан белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келсе,кыргыз адабиятынын дагы бир алп акыны Алыкул Осмонов бул дүйнө менен кош айтышкан.Ушул маанилүү окуялардын урматына Кыргызстан жазуучулар союзунун демилгеси жана Жогорку Кеңештин колдоосу менен 2011-жылы 12-декабрь «Кыргыз адабиятынын күнү» деп кабыл алынган.

 Ушул улуу күндүн урматына «Тема» уктуруусу кыргыз адабияты сабагынын тегерегиндеги  катуу талаш-тартыш жаратып жаткан кыргыз адабияты сабагынын  дүйнөлүк адабият сабагы менен бириктирилип окутулушунун себептери,максаттары туурасында иликтеп көрдүк.

Коомдогу талаш ойлор туурасында Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим министирлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аттокуров Элдар Эртабылдиевич:»Министирликтин планында бул маселе каралган.Бирок биз көпчүлүк айтып жаткандай кыргыз адабияты сабагынын сааттарын кыскартпайбыз.Болгону кыргыз адабияты сабагы дүйнөлүк адабият сабагы менен гана бириктирилип окутулат.»-деди.

Дүйнөлүк адабият чөйрөсүн билүү дагы маанилүү бирок,кылымдарды карыткан кыргыз адабиятын унутпай түбөлүктүү сактайлы.

   Жазган:Байкулов Эржан

Кылым карыткан кыргыз адабияты Кылым карыткан кыргыз адабияты

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться