Главная > Новости "Медиа Манас" > Кылым карыткан кыргыз адабияты

Кылым карыткан кыргыз адабияты


22 декабря, 16:24. Разместил: sharizat

12-декабрдын кыргыз адабияты үчүн канчалык маанилүү дата экени айтпаса да талашсыз.1928-жылдын 12-декабрында дүйнөгө кыргыз адабиятын тааныткан белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келсе,кыргыз адабиятынын дагы бир алп акыны Алыкул Осмонов бул дүйнө менен кош айтышкан.Ушул маанилүү окуялардын урматына Кыргызстан жазуучулар союзунун демилгеси жана Жогорку Кеңештин колдоосу менен 2011-жылы 12-декабрь «Кыргыз адабиятынын күнү» деп кабыл алынган.

 Ушул улуу күндүн урматына «Тема» уктуруусу кыргыз адабияты сабагынын тегерегиндеги  катуу талаш-тартыш жаратып жаткан кыргыз адабияты сабагынын  дүйнөлүк адабият сабагы менен бириктирилип окутулушунун себептери,максаттары туурасында иликтеп көрдүк.

Коомдогу талаш ойлор туурасында Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим министирлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аттокуров Элдар Эртабылдиевич:»Министирликтин планында бул маселе каралган.Бирок биз көпчүлүк айтып жаткандай кыргыз адабияты сабагынын сааттарын кыскартпайбыз.Болгону кыргыз адабияты сабагы дүйнөлүк адабият сабагы менен гана бириктирилип окутулат.»-деди.

Дүйнөлүк адабият чөйрөсүн билүү дагы маанилүү бирок,кылымдарды карыткан кыргыз адабиятын унутпай түбөлүктүү сактайлы.

   Жазган:Байкулов Эржан


Вернуться назад