Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Бүгүнкү программада кыргыз кереметинин башталышын эске түшүргөн “Салтанат” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада кыргыз кереметинин башталышын эске түшүргөн “Салтанат” тасмасы тууралуу баяндап беребиз. Бирок, алгач “Кыргыз киносунун” тарыхына көз чаптыралы.

Кыргыз киносунун тарыхы:

 

            1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган болчу. «Өзбеккино» тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу документалдуу фильмдерди байма-бай тартып турушканы менен ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы болсо алгачкы жолу “Чапаев”, “Он үчүнчү”, “Ленин октябрда” деген фильмдерин кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.

 

            М. Убукеевдин 1964-ж. тарткан"Тайгак кечүү"кинотасмасы кыргыз киносундагы туңгуч толук метраждуу көркөм фильм болуп эсептелет. 1960—1970-жж. «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовдун чыгармаларын тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько (“Аптап”), Андрей Кончаловский (“Биринчи мугалим”) сыяктуу режиссерлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага көтөрүлүү») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен. 1972-ж.Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет.

 

Кыргыз киносу документалдык тасмалары менен да өтө таанымал. Альгимантас Видугирис атактуу кыргыз документалисти, ошондой Динара Асанова Кыргызстанда гана эмес чет мамлекетте да өз тасмалары менен белгилүү болушкан.

 

“Кыргызфильмдин” алгачкы карлыгачы

 

“Кыргызфильмдин” алгачкы көркөм тасмасы “Салтанат” азыркыга дейре көрүүчүлөрүн жоготопой келет.

 

Тартуучу топ:

Режиссер – Василий Пронин

Сценарий –  Роза Буданцева

Операторлор –  Виктор Масевич, Антонина Эгина

Композитор – Арам Хачатурян

Сүрөтчүлөр –  Ипполит Новодережкин, Евгений Черняев

 

Актерлор:

Бакен Кыдыкеева – Салтанат (башкы роль)

 Нурмухан Жантурин – Жоомарт

 Муратбек Рыскулов – Асан

Алты Карлиев, Л. Кабегенов, Садыкбек Жаманов, Шамши Түмөнбаев, Марклен Ибраев, Константин Барташевич, Чолпон Жаманова, Валентина Беляева, Даркүл Күйүкова, Турсун Уралиев, Т. Саскеев, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева

 

            Ийгилик биринчи фильмден эле башталып, москвалыктар жылуу кабыл алышкан. Фильмдин ийгилигине чыгаан актёрлор да салым кошушкан. Кыргыз киносунун ушул күнгө чейинки лидери Бакен Кыдыкеева жана театр падышасы деген атка конгон Муратбек Рыскулов аталган тасмада роль жаратып, биринчи жолу көгүлтүр экранга чыгышкан.

 

Тасманын дареги:

“Салтанат” көркөм тасмасы 1955-жылы режиссер Василий Пронин тарабынан “Мосфильм” киностудиясы менен бирге тартылган. Премьерасы ошол эле жылдын 21-декабрында болгон. Ал эми өлкөнүн чоң экрандарына 1956-жылдын аягынан баштап чыга баштаган. Тасма 10 бөлүктөн турат, ар бир бөлүк болсо 10 мүнөттөн.

 

Сюжетин эске салсак:

Тасмада кыргыз аялынын коомдогу образы терең ачылып көрсөтүлөт. Заманбап жашоо жаңыдан кирип келе жаткан бийик толуу аймакта жаратылыш кырсыгынан улам жергилүктүү калктын малдарын жоготуп алуу коркунучу пайда болот.  Кырсык менен күрөшүүдө Салтанатты  жаш илимий кызматкер Жоомарт кокусунан таап, куткарып калат. Анан экөө биригип, жайыттардын ордуна түшүмгө бай жерлерди кылуу иштерин баштайт. Салтанат ишиндеги ийгиликтер менен аялзаты да эркектер менен теңтайлаша сүйүктүү ишин аркалай аларын көрсөтөт. Бирок жолдошу Аалы  Салтанатты көзүнө чөп салып жатат деп күнөөлөп, баласын алып шаарга жөнөп кетет.

 

 Бул тасманы "Мосфильм" тартканына карабай, кыргыздын алгачкы киносу деп эсептелинет. Анткени биринчи жолу кыргыз актёрлору өз жүзүн көрсөтүп, киноискусствосуна олуттуу кадам ташташкан эле.

 

 

Жазган: Кенешова Гульзира

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться