"Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы, Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясы, "Ч.Сатаев" атындагы коомдук фонду, "Билим Экспорт" кытай тили мектеби биргелешип борбор калаадагы чоң ресторандардын биринде социалдык жактан аз камыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына кайрымдуулук иш чарасын уюштурушуп Жаңы Жылдык майрам тартуулашты. Аталган кайрымдуулук иш чарасына Чүй-Бишкектен болуп баш-аягы 50 гө чукул аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдары купуя сунуштама же атайы жүргүзүлгөн анкета менен тандалып алынган.



Иш чаранын башында Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы Жумадил Абдрахманов чыгып расмий сөз сүйлөп балдарды Жаңы Жылы менен куттуктады. Жасалып жаткан майрамдын максатын:Социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоо, руханий жактан колдоо көрсөтүү, келечек муунду жакшы нерсеге тарбиялоого салым кошуу экендигин айта кетти. 

Иш чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталып концерттик бөлүмүнө өткөн учурда балдардын бүйүрү кызыды. Себеби Аяз ата, аяз кыздын келиши, "Эрк" балдар театрынын көрсөткөн оюндары, атактуу фокусниктердин өнөрү, өзгөчө таризде тартууланган заманбап бийлер, кыргыз эстрада жылдыздарынын шаңдуу ырлары наристелерди кайдыгер калтырган жок. 

Кайрымдуулук кечесинин соңунду Ч.Сатаев атындагы коомдук фонду тарабынан атайы даярдалган Жаңы Жылдык белектер аз камыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына таратылды. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

 

 

"Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться