Главная > Новости "Медиа Манас" > "Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы

"Балдарга майрам тартуула!" кайрымдуулук акциясы


20 декабря, 16:44. Разместил: Jyldyzbek

Иш чаранын башында Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы Жумадил Абдрахманов чыгып расмий сөз сүйлөп балдарды Жаңы Жылы менен куттуктады. Жасалып жаткан майрамдын максатын:Социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоо, руханий жактан колдоо көрсөтүү, келечек муунду жакшы нерсеге тарбиялоого салым кошуу экендигин айта кетти. 

Иш чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталып концерттик бөлүмүнө өткөн учурда балдардын бүйүрү кызыды. Себеби Аяз ата, аяз кыздын келиши, "Эрк" балдар театрынын көрсөткөн оюндары, атактуу фокусниктердин өнөрү, өзгөчө таризде тартууланган заманбап бийлер, кыргыз эстрада жылдыздарынын шаңдуу ырлары наристелерди кайдыгер калтырган жок. 

Кайрымдуулук кечесинин соңунду Ч.Сатаев атындагы коомдук фонду тарабынан атайы даярдалган Жаңы Жылдык белектер аз камыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына таратылды. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

 

 


Вернуться назад