Айтматовдун элесине арналган фестиваль » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айтматовдун элесине арналган фестиваль

12-декабрда “Манас” кинотеатрында  эл аралык "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы кинофестивалдын ачылыш аземи болуп өттү.



Ага КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар, кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү жана жалпы кино сүйүүчүлөр катышты.

Ачылыш аземинин биринчи бөлүгүндө келген коноктор жана фестивалдын катышуучулары кызыл килемден өтүштү. Ал эми экинчи бөлүгүн, салтанаттуу ачылыш аземин, аталган фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз ачып берди.

  • 2010-жылы апрель окуясынан кийин дүйнөлүк медиада Кыргызстан революциялардын өлкөсү болуп калган. Ал терс атты өчүрүү максатында киночулар чогулуп, чакан кинофестиваль өткөрөлү деп чечтик. Ал учурда бул фестиваль мындай деңгээлде жетет деген ой деле болгон эмес. Көрсө, адамдардын тобу эле өлкөнүн имиджин көтөрүүгө салым кошо алат экен.

Мындан тышкары, Садык Шер-Нияз азыркы жаш киночулар “кыргыз кереметин” татыктуу улантып жатышканын кошумчалай кетти.

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы алтынчы ирээт өтүп жаткан учуру. Фестивалда  эл аралык жана улуттук сынак өтүп, "мыкты тасма", "мыкты режиссура", "калыстар тобунун атайын байгеси" жана "көрөрмандардын сүймөнчүгү" номинациялары боюнча ат салышат. Эл аралык сынакка 14 тасма, улуттукка 13 тасма таңдалып алынган.

Ал эми калыстар тобунун төрагалыгына советтик жана казакстандык режиссер Дарежан Омирбаев чакырылган. Курамда россиялык Элла Манжеева, Өзбекстандан Хилол Насимов, Кыргызстандан Таалайбек Кулмендеев, молдовалык режиссер Вирджилиу Мэрдиняну бар.

Төрт күн ичинде баш байгеге ат салышкан тасмалар “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп, 15-декабрда жабылуу аземинде жеңүүчүлөр аныкталат.

Жазган: Кенешова Гулзира

Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль Айтматовдун элесине арналган фестиваль

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться