Главная > Новости "Медиа Манас" > Айтматовдун элесине арналган фестиваль
Айтматовдун элесине арналган фестиваль13 декабря, 09:33. Разместил: sharizat |
Ага КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар, кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү жана жалпы кино сүйүүчүлөр катышты. Ачылыш аземинин биринчи бөлүгүндө келген коноктор жана фестивалдын катышуучулары кызыл килемден өтүштү. Ал эми экинчи бөлүгүн, салтанаттуу ачылыш аземин, аталган фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз ачып берди.
Мындан тышкары, Садык Шер-Нияз азыркы жаш киночулар “кыргыз кереметин” татыктуу улантып жатышканын кошумчалай кетти. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы алтынчы ирээт өтүп жаткан учуру. Фестивалда эл аралык жана улуттук сынак өтүп, "мыкты тасма", "мыкты режиссура", "калыстар тобунун атайын байгеси" жана "көрөрмандардын сүймөнчүгү" номинациялары боюнча ат салышат. Эл аралык сынакка 14 тасма, улуттукка 13 тасма таңдалып алынган. Ал эми калыстар тобунун төрагалыгына советтик жана казакстандык режиссер Дарежан Омирбаев чакырылган. Курамда россиялык Элла Манжеева, Өзбекстандан Хилол Насимов, Кыргызстандан Таалайбек Кулмендеев, молдовалык режиссер Вирджилиу Мэрдиняну бар. Төрт күн ичинде баш байгеге ат салышкан тасмалар “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп, 15-декабрда жабылуу аземинде жеңүүчүлөр аныкталат. Жазган: Кенешова Гулзира Вернуться назад |