Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 88 жылдыгына карата тартылган тасманын бет ачаары өттү



2016-жылдын 7-декабрында Коммуникация факультетинин Кинозалында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата «Менин сөзүмдү – менин жаным деп бил» деген режиссер Бекболот Айдаралиев тарткан жаңы тасманын жана кино таануучу Екатерина Лузанованын «Кыргызстандын киноискусствосу» тууралуу окуу китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү, Кыргызстанда кино тармагынын өкүлдөрү, белгилүү актёрлор, КТМУнун жалпы жамааты жана студенттер, медиа өкүлдөрү катышты.
Бул – 53 мүнөттүк толук метраждуу даректүү тасмада, Чыңгыз Айтматовдун тагдыры жана жазуучунун чыгармачылык калыптануусундагы жолу, ошондой эле 30-жылдары репрессияга кеткен атасынын тагдыры тууралуу Роза Айтматованын эскерүүсү жана жазуучунун изилденбеген тарых баракчалары камтылган.
Иш-чаранын ачылышында Коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакыр Чыңгыз Айтматов кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан улуу инсан экендигин жана жазуучунун 88 жылдыгына карата Коммуникация факультети 53 мүнөттүк даректүү фильмин даярдоо кубаныч тартуулаганын баса белгилеп, ТРТ Аваз жана Медиа Манаска берген интервьюсында Чыңгыз Айтматовду эскерүү салтка айланганын, ошондой эле Манас университети Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөнүн айтты.
Ал эми жазуучунун карындашы, профессор Роза Айтматова иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, үй-бүлөсү жана тасмада башкы рольду аткаргандыгы тууралуу айтып берди. ТРТ Аваз жана Медиа Манаска берген интервьюсунда Коммуникация факультетинин ага окутуучусу Бекболот Айдаралиев тарабынан тартылган тасманын тартылуу максаты жана процесси тууралуу айтып берди.
Ошондой эле фильмдин автору, режиссёр Бекболот Айдаралиев тасманын жаралуу идеясы, тартылышы жөнүндө бир-эки ооз сөз сүйлөдү.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин «Менин сөзүмдү – менин жаным деп бил» тасмасы көрсөтүлүп, аны улай кино таануучу Екатерина Лузанованын “Кыргызстандын киноискусствосу тууралуу” окуу китебинин бет ачаары болду. Автор китеби тууралуу маалымат берип, иш-чаранын уюштуруучулары КТМУнун жетекчилигине жана Коммуникация факультетине ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын соңунда Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” жана Екатерина Лузанова “Кыргызстандын киноискусствосу тууралуу” деген китебин университеттин китепканасына белекке беришти.


Загрузка плеера...


Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү Университетте Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться