“Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды

Борбор калаабыз Бишкек шаарында 7 күн 7 түн бою уланган “Башканы коюп Манасты айт” аттуу иш-чара жыйынтыкталды.



Жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келе жаткан бул иш чара быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,”Саякбай манасчы” эл аралык фонду жана “Супара” этнографиялык комлексинин колдоосу менен өттү. Ал 28-ноябрда башталып 4-декабрда жыйынтыкталды..Иш-чаранын максаты тууралуу белгилүү манасчы Рыспай Исаков:”7 күн 7 түн бою Манас айтуу иш-чарасынын негизги максаты- кыргыз элинин океандай кең “Манас” эпосун даңазалоо,ал аркылуу  элибизге  руханий жактан азык берүү, жаштарды эпосту сүйүүгө жана барктоого чакыруу болуп саналат.Бул  жылкы ”Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм.”

         Улуу эпосту белгилүү манасчылар Таланталы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков ж.б. кезектешип, бири-бирин улап айтышты.Манастын төрөлүшүнөн баштап ар түрдүү варианттар боюнча эпостун бардык сюжеттериндеги урунттуу окуялар айтылды.

         Эскерте кетүүчү нерсе, аталган иш-чара алгачкы ирет 2014-жылы 4-декабрда “Манас” күнүн утурлай  уюштурулган.

Кабарчы: Кымбат Айтыбекова

 “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды  “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться