Главная > Новости "Медиа Манас" > “Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды

“Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жыйынтыкталды


5 декабря, 09:53. Разместил: sharizat

Жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келе жаткан бул иш чара быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,”Саякбай манасчы” эл аралык фонду жана “Супара” этнографиялык комлексинин колдоосу менен өттү. Ал 28-ноябрда башталып 4-декабрда жыйынтыкталды..Иш-чаранын максаты тууралуу белгилүү манасчы Рыспай Исаков:”7 күн 7 түн бою Манас айтуу иш-чарасынын негизги максаты- кыргыз элинин океандай кең “Манас” эпосун даңазалоо,ал аркылуу  элибизге  руханий жактан азык берүү, жаштарды эпосту сүйүүгө жана барктоого чакыруу болуп саналат.Бул  жылкы ”Башканы коюп Манасты айт” иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм.”

         Улуу эпосту белгилүү манасчылар Таланталы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков ж.б. кезектешип, бири-бирин улап айтышты.Манастын төрөлүшүнөн баштап ар түрдүү варианттар боюнча эпостун бардык сюжеттериндеги урунттуу окуялар айтылды.

         Эскерте кетүүчү нерсе, аталган иш-чара алгачкы ирет 2014-жылы 4-декабрда “Манас” күнүн утурлай  уюштурулган.

Кабарчы: Кымбат Айтыбекова


Вернуться назад